www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мекемеден алынган маалыматка караганда, Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айылынын тургундары өз ара урушуп кетишип, 19 жаштагы тургунга 24 жаштагы айылдашы бычак уруп жиберген. Натыйжада 19 жаштагы атуул кан көп жоготуп, ошол жерде каза болгон. Бул тууралуу турмуш сайты жазып чыкты.  «Бул окуя боюнча Базар-Коргон РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмыш изи сууй электе ошол эле айылдын 1994-жылы туулган тургуну шектүү катары кармалды. Бул факты боюнча КРнын Кыллмыш-жаза кодексинин 97-беренеси («Адам өлтүрүү») менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда. Ал эми шектүү Базар-Коргон РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Окуя териштирилип жатат», - деп билдиришкен Турмуш сайтына ОИИБден.

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости