www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саясат талдоочу Марс Сариев Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаал жана жүрүп жаткан жараяндар тууралуу эксперттик пикирлерин NazarNews маалымат агенттиги менен бөлүштү. Сөз Башмыйзамды өзгөртүү демилгелери, аны реформалоонун артыкчылыктуу багыттары, светтик Кыргызстанда шарият мыйзамдарынын жайылып жатышы, саясий жараяндардагы диний фактордун өсүшү, Кытай экспансиясы жана Кыргызстандын улуттук коопсуздугу, ошондой эле, күзгө карай күтүлүүчү коомдук-саясий кырдаал тууралуу жүрдү.
Саясат талдоочу Марс Сариевдин пикиринде саясий каршылашууда утулуп бараткан экс-президент Алмазбек Атамбаевдин регионализм, трайбализмге басым жасоодон башка варианты жок. Бул анын командасына кырдаалды чайкоо үчүн ыңгайлуу курал болууда. Бирок, эксперттин оюнча, анын мындай факторду көтөрүп чыгуусуна азыркы бийлик бир катар негиздерди түзүп берип коюуда. А.Шадиев, И.Илмиянов, Р.Матраимов, И.Пирматов сыяктуу түштүктүн өкүлдөрү жоопкерчиликтен качып-бозуп кутулуп кетип жатканда түндүктүк С.Исаков, К.Кулматов, А.Ибраимовдордун камалып жатышы түндүк-түштүк жиктелүүсүн баса белгилейт. "Атамбаевдин тегерегиндегилер менен түндүктүн нааразы кландары ушундай факторлорду колдонуп күзүндө реванш алууга аракеттенишет" - дейт саясат талдоочу. Бирок, канткенде да күзүндө жарылып, бийликти оодаруучу окуялар болбойт, анткени "Жээнбеков жаңы эле келди, ыңкылаптык кырдаалды түзүүчү шарттар жок, төмөнкү катмардын дарамети жок болсо, үстүңкү катмар андайды каалабайт".
Эксперт менен маектин толук тексти бул жерде. http://www.nazarnews.kg/news/24462
Булак: NazarNews.kg