www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаевдин соту кийинкиге калтырылды

Бүгүн, 1-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту мурунку президент Алмазбек Атамбаевге карата соттук териштирүүнү кийинкиге калтырды.

Жыйынга судья Азирет Медеров төрагалык кылууда.

Соттук отурум судьянын ооруп калганына байланыштуу 3-ноябрга жылдырылды.

Буга чейин үч кылмыш иши бир өндүрүшкө бириктирилген. Атамбаев Кой-Таш айылынан жерди мыйзамсыз алган, мыйзамсыз байыган жана 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болгон массалык башаламандыктар боюнча айыпталууда.

Бардык эпизоддор боюнча бир нече айыпталуучу, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранова, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов, мурунку депутаттар Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев жана Аскар Шаадиев, мурунку мэр Албек Ибраимов, мурдагы ички иштер министри Абдылда Суранчиев жана башкалар катышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости