www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаевдин Кой-Таш окуясынан дагы башка кылмыш иштери бар

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Азирет Медеров мурдагы президент Алмазбек Атамбаев фигурант болгон үч кылмыш ишин бириктирип, сотко чейинки бир өндүрүш катары кароону чечти. 

Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева билдиргендей, Кой-Таш окуясы, Кой-Таш айылындагы жерлер боюнча коррупциялык иштер жана мыйзамсыз кирешелерди адалдаштыруу иштери бириктирилди. Райондук сот мындай чечим кабыл алынганын тастыктады.

Маалыматка караганда, төрагалык кылып жаткан жаңы судья чечиминин себебин түшүндүргөн эмес. Айыпталып жаткандар буга каршы экенин айтууда.

Жолдубаева кошумчалагандай, отурумга айыпталуучулар Алмазбек Атамбаев, Албек Ибраимов жана Рыспек Карыпбек уулу келбегендиктен, процесс 27-ноябрга жылдырылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости