www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекке мэр болгондордун көпчүлүгү камак менен “дос” болгондор: Феликс Кулов, Нариман Түлеев, Иса Өмүркулов, Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов жана ичип-жеп, качып жүргөндөр, жооп берүүгө ылайыктуулар: Борис Силаев, Медет Керимкулов, Арстанбек Ногоев, Данияр Үсөнов, Азиз Суракматов.

Тазасы эле Аскар Салымбеков окшойт, азыркы мэр Балбак Түлөбаев Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси болуп турганда эле гумжардамдар менен эл оозуна алынган.

Урматтуу  шаарда «прапискеси» бар жана «прапискеси» жок шаар тургундары?!

Шаардын  айлана-тегерегинде көрүстөнгө орун табылбай жаткандыктан, көрүстөнгө орун табылгыча, шаардын жашоочуларына өлгөнгө тыюу салам.

Шаар мэри 

Бишкек мэрлерине «частушкалар»

Борис Силаев

Бишкек  жакка мэр болуп,

Борис дядя баш ийкейт.

«Сила» барбы Силаев,

Москвага  ташый кетет.

Феликс Кулов                                                 

КыГыБыдан түз эле,

Кыйратам деп келипсиз.

Түрмө жакта орун бар,

Түшө койчу, Феликс. 

Медет Керимкулов

Ким болсо да кожоюн,

Иштейт Мекең талыкпай.

Унчукпастан ашаган,

Деңиздеги балыктай.

Аскар Салымбеков

Салымбеков Аскар тез,

Бишкек шааарын оңдойбу?

Кетип калса мэр болуп,

Ким башкарат «Дордойду»?

Арстанбек Ногоев

«Шыпыргычан» Ногоев,

Көчөлөрдү тазалаар.

Шыпырылды Арыстаке,

Чыга берип «кашалар».

Данияр Үсөнов

Чуркап жүрүп Үсөнов,

Эптеп мэрге жетиптир.

Андан кийин келген мэр,

«2» коюп кетиптир.

Нариман Түлеев

Капчыгы оор, жеңилби
Түлеевдин салмагы?

Кокуй, Бишкек борборун,

Каптап кетет калмагы.

Иса Өмүркулов

Өмүркулов Исакең,

«Ош» базарды бишкектейт.

Бирок, улам начарлап,

Бара жатат Бишкек дейт

Кубанычбек Кулматов

Балмуздак жеп чоңойгон,

Кеңеш уулу Кубаныч.

Он миң сомдук кофе ичкен,

Мектепти жебе сураныч.

Албек Ибраимов

Канча миллиард байкалбай,

Өтүп кеткен тамактан.

Калбаат күндүн айынан,

Качып жүрөт камактан.

Азиз Суракматов

Кокуй алат ушул күн,

«Коронавирус» деп койот.

Гумжардам келсе алыстан,

Кулкулдатып жеп койот.

Балбак Түлөбаев

Кыргыздан чыккан еврей,

Көтөрүп чыккан «Аюну».

Элди ойлобой Балбакең,

Ойлоп турат баюну.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости