www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Февраль айынан бери дайынсыз болуп жаткан жаран табылды

"2020-жылдын февраль айынын ортолорунда Ак-Талаа районунун  тургуну 1960-жылы туулган А.Ш Бишкек шаарына иштегени кеткен бойдон дайынсыз жок болуп жатат" деп Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнө Ак-Талаа районунун тургуну  1975-жылы туулган О.А арыз менен кайрылган.

Аталган билдирүү Ак-Талаа РИИБу тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө, тактап айтканда 10 айдан бери дайынсыз жоголуп жаткан жаран А.Ш Чүй облусунун Военно-Антоновка айылынын четиндеги сарайда мал багып, чабан болуп иштеп жүргөн жеринен табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости