www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Соңку убакта Алмазбек Атамбаевге бериле турган Эл Баатыры наамынын тапшырылышы талаш болуп, ар кандай пикирлерди жаратууда. Ооба, жаңы президент тарабынан указ чыгып, кол коюлгандан кийин артка кайрып алуу да осолдук, андыктан, берилиши керек.

Бирок, мындай чоң даражадагы сыйлыкты ыйгаруунун салтанаттуу жолу да болот. Кеп мына ушул жерде. Президенттик аппараттын кандай аракетте экенин так билбейбиз, сыягы, ажырым кеткенден бери аларда деле ыңгайсыздык жаралып аткандыр.

Бизге жеткен маалыматтар боюнча, айрым билермандар Атамбаевге Эл Баатырын вице-спикер Асел Кодуранова аркылуу берип жиберүүнү туура көрүп атышканы ыраспы? Ошондо Асел айым бийликтин бир бутагынын өкүлү катары эч кандай мамлекеттик иш-чарасыз эле шефинин үйүнө барып, төш белгини тагабы?..

Булак: "Азия ньюс"

Последние новости