www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаевдин айтканын жазбай аткарган СДПК фракциясында Мурадил Мадеминов деген депутат бар. Ал учурунда Атамбаевдин тукуруусу боюнча Текебаевге асылып, аз жерден анын тумшугун талкалап койо жаздаган. Экөөнү ажыратып калбаса, балким өзүнүкү талкаланып калар беле ким билет? Анткени,Текебаев да оңой чыр эмес. Мадеминов эми «Уу коргошун» үчүн Саламаттыкты Сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кескин сынга алды. «Эчки тууй албай жатып, койго арачы болуптур» -деген ушубу?

Ал эми Өмүрбек Чиркешовичке келсек,   "Альфа Телеком" акционердик коомунун аркасында «Чубактын кунундай чубалган» окуялар болуп келатат. Эң башында ал Орусиянын экс-байланыш министри Леонид Реймандын жакындары контролдогон "БимоКом" ЖЧКсынын карап турган. Албетте, «Мегакомдо» Акаевдин үй-бүлөсүнүн да өз кызыкчылыгы болгон, бирок 2ОО5-жылдын мартындагы бийлик алмашуудан соң бийлик тарабынан кысымга алынган. Алексей Елисеевдин оффшордук компаниясы болгон Forntek Enterprises Ltd «БимоКом» ЖЧКсынын 49 пайызын өзүнө Гонконгдо каттатып алган соң бул компанияга болгон көз артуулар тараган.

2ОО9-жылы «БимоКом» ЖЧКсынын ээлери орусиялыктар менен Алексей Елисеевдин ортосунда болгон чыр-чатак анын бул компанияны толук ээлеп алуусуна мүмкүндүк берет. Жаңы кожоюндун ар түрдүү айла-амалдарынан соң «БимоКом» атайын банкротко учурайт да, анын негизги базасын "Альфа Телеком" сатып алат. Бул операцияны Алексей Елисеев так эсептеп жүргүзгөн да, "Альфа Телекомдун" акцияларын эки офшордук компанияга өткөргөн. Алардын бири  Белиздеги  Southfield Management Inc. (99%), ал эми экинчиси– Жаңы Зеландиядагы Vesatel Unitedке (1%) катталган. Бул экөө тең Алексей Елисеевге тиешелүү болгон.

Бирок,  2010 жылы апрелде болгон бийлик алмаштыруу  Алексей Елисеевдин бул оюнунун ашмалтайын чыгарган. Бийликтин алмашышы менен  "БимоКомдун" мурунку ээлери Реймандын эмиссарлары пайда болуп, Алексей Елисеевди ачык «кидать» этишип, Убактылуу Өкмөт менен  "Мегакомдун" 49 пайыз акциясын улутташтыруу чечимине келишкен. Чарбачылык кылуу үчүн Реймандын кишилери отурган. Калган 51% акциясы  Алексей Елисеевдин Southfield Management Inc. жана Vesatel United компаниясынын ээлигинде калган. Эмне үчүн  "Альфа Телеком" компаниясынын 51 пайызы улутташтырылган эмес? Чечилбей жаткан көйгөйлөрдүн, азыркы болуп жаткан интригалардын негизи түйүнү мына ушул жерде жатат. Анткени Рейман «Мегакомго» тиешелүү  бардык активдерди кайра «БиМоКомго» алуу үчүн ушул жолго түшкөн. Ал үчүн учурунда Алексей Елисеев бул компанияга жалгыз ээлик кылуу үчүн орусиялык партнерлорун «кидать» этип,  жанталашып мыйзамдаштырган сот чечимдерин жокко чыгаруу зарыл эле. Алексей Елисеевдин  "Альфа Телеком" компаниясы үчүн башын чагалдак аттырып иштеп, финансылык  кетирген кемчиликтери үчүн соттолгон Роза Рыкунова бир нече ирет орусиялыктар кыргыз атка минерлерин сатып алуу үчүн 5 миллион АКШ долларын сатып алгандыгы тууралуу билдирген. Мейли ал соттолгон аялдын сөзүнө ким ишенсин бирок айтылуу саясатчы учурунда «Ата-Мекен» партиясынан парламентке депутат болгон Өмүрбек Абдрахманов өзүнүн ал кездеги кожоюну орусиялыктардан  миллион доллар алганы тууралуу  айтканы ошол кезге айкаш болуп жаткандай. Ал кезде анын кожоюну бир гана партиянын лидери эмес, Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орун басары катары коопсуздук органдары менен сотко таасири чоң болгон. Кээ бир «Ата-Мекен» партиясынын мүчөлөрүнүн айткандарына таянган Абдрахманов өз айткандарынанан кайра тартпай бекемдегенине караганда анын учурундагы жетекчилери ал жактан миллион доллар алышып партиянын чыгымдарына жумшаган. Бирок мындай ири суммадагы акча демөөрчүлүк жардам катары жөнөтүлбөсүн түшүнгөн киши жакшы билет, балким ушул акчаларды «өлгөн иттин жыты саңырсып» турбасын? Балким ошол берилген акчалардан улам «Альфа Телеком» компаниясынын 51 пайызы улутташтырылган эместир? Орусиялыктар ошол 51 пайызды өздөрү ээлеп алыш үчүн ошол мезгилде «Альфа Телеком» толук 1ОО пайыз улутташтырылбай калгандыр?

2010-жылы бийлик алмашар менен кечээ эле мурунку бийликтин кызматын жанталашып жасап жаткан Салянова 18О градус тескери бурулуп, эми Убактылуу Өкмөттүн ишин бет тырмарлык кылып жасай баштаган. Өмүрбек Текебаев менен Данияр Нарынбаев даярдап, 2016-жылы көп талкуудан кийин оңдоого дуушар болгон Конституцияда да кыз-Салянованын тумшугу салаңдап көрүнүп турат. Ошол мезгилде 2010-жылы июлда лидерлердин бары шайлоого аттанып Эмилбек Каптагаев башында турган өкмөткө убактылуулар келет. Анын арасында Эмилбек Каптагаевдин курсташы Эмилбек Үмөталиев экономика министри болуп кирсе, 32 миллион долларды кечип ийген «боорукердиги» менен даңкы чыккан Аида Салянова Каптагаевдин жакын туугандыгы, Текебаевдин кызматын аткарып жүргөндүгү үчүн Юстиция министрине келет.  

2011 –жылдын 14 –апрелинде  «Генпрокуроргейт» болот. «Мегаком» боюнча чуулгандуу окуялардан соң Кубат Байболов Башкы прокурорлуктан кетип, ордуна Өмүрбек Текебаевдин «сүймөнчүлүгүнө» айланган Аида Салянова калкып чыгат. Мына ушундан баштап таң калычтуу иштер башталат.  2012 – жылдын майында  Southfield Management Inc.  компаниясынын 51%  менен бирге улутташтырылган "Альфа Телекомдун" 49% акциясы "шведдердин  "Телиа Сонера" компаниясына сатыла турган болот. Эгер бул акциялар сатыла турган болсо, Алексей Елисеев жана анын кызыкчылыгын 2О1О-жылдын апрелинен баштап  коргогон тарап 170 млн АКШ долларынан кем эмес акчага туйтунушмак. Алексей Елисеевдин  компаниясынын 51% ушундай наркка бааланган. Алексей Елисеев менен өз кызыкчылыгын элдин кызыкчылыгынан жогору койгондор 2О12-жылдын апрелинде  декларациялык траст түзүшкөн. Алексей Елисеев эгер оффшордук компаниясын сата турган болсо анын кызыкчылыгын коргогон тарап анын 51 пайыз үлүшүнүн 22 пайызын алышмак.  Мына сага бийлик үчүн күрөшкөн адамдардын көз жашы.

 

Аида Салянова Башкы прокурор болуп турганда эмне үчүн 2013- жылдын май айынан бери  австриянын  "Хэнделс"компаниясын колдоп келгенинин бети ачылган. Анткени, Аида Салянова Башкы прокурор болуп турган учурда соттук чечимдердин бары австриялык компаниянын пайдасына чечилип келген. Учурда сот тарабынан мыйзамдуу түрдө кылмыш иши козголсо да келбей жүргөн Алексей Елисеев  контролдогон "Брасфорт" компаниясы аркылуу  бул «Хэнделс» компаниясы кыргыз элинин 22 млн доллар карызын талап кылып сотко берген. «Уялбагандан өзүң уял» -дейт. Аида Саляновага окшогондор хамалеончо өңдөрүн бир күндө өзгөртүшүп, элдин маңдай теринен табылган акчаны жегенге куштар.

2012- жылы орусиялыктар кыргыз бийлиги тарабынан «Мегакомдун» айлана-тегерегиндеги  былыктарга тескери көз карашты сезишет. «Мегакомду» ээлеп алуу мүмкүнчүлүгү аракетке ашпайт.  Бирок орусиялыктар ээлегиси келген  "Альфа Телекомдун" мойнунда 51 пайыз калат, ал Алексей Елисеевдин  ээлигинде калат.  Бул оюнга 2ОО9 –жылы Алексей Елисеевдин   көрсөтмөсү менен «Кумтөрдүн» 32 миллион доллар акча салыгын кечип жиберген ошол мезгилдеги Юстиция министринин статс-секретары Аида Салянова аралашат. Трасттык келишим түзүлгөн соң Алексей Елисеевге тиешелүү 51 пайыз жана улутташтырылган 49 пайыз элдин энчисин сатуу үчүн аракет башталган. Алексей Елисеев ошол мезгилдеги Юстиция министри Аида Саляновага «көмөктөр» көрсөтүлө башталганы тууралуу көпчүлүккө белгилүү. 2013- жылдын май айында  австриянын  "Хэнделс"компаниясы Алексей Елисеев контролдогон "Брасфорт" компаниясы аркылуу  "Альфа Телекомдун" 22 млн доллар карызын талап кылып сотко берет. Кандайдыр бир белгисиз себептер менен Аида Салянова Башкы прокурор болуп турган учурда соттук чечимдердин бары австриялык компаниянын пайдасына чечилип келген. Бул элге каршы чечим качан Салянова Башкы прокурордон кеткен соң токтогон.

  Оффшордук компанияны 2008-жылы түзүлгөндөн баштап Алексей Елисеев официалдуу көзөмөлдөп келген. Алексей Елисеев Кыргызстанды кантип жутуп койо жаздаганын эл билет, ошолордун айынан бийлик алмашылган. "Альфа Телекомдогу" Салянова баш болгон  жашыруун оюндардын аркасында дал ошол Алексей Елисеевдин көлөкөсү көрүнүп турат.  2010 –жылдын июнь айында юстиция министринин милдетин аткарып жатып Елисеевдин жасалма арызынын негизинде, мыйзамды бузуп Елисеев издөөдө жүргөнүнө карабастан, өзүнүн буйругу менен адвокаттык ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн лицензияга уруксат берет. Бул лицензияны качып жүргөн Елисеевге жеткизүүгө кам көрөт. Ушунун негизинде Рига шаарында жашап жаткан Елисеев өзүнүн менчик юридикалык компаниясын түзүп өз кызыкчылыгын коргой баштайт. Аида Саляновага болсо мейли, ал 2О10-жылы бийлик алмаштырганга чейин эле «Кумтөрдүн» 32 миллион доллар карызын кечип жиберген. Бул акча канчалаган кыргыз элинин айлыгын көтөргөнгө жарамак? Ушул оюндардын арасында  элди бийликке каршы чыгарып, ал эмес жүздөгөн  жандуу адамдардын денесин бийликти тазалоо үчүн тиги дүйнөгө айдаган Өмүрбек Чиркешовичтин жүзү көрүнүп турганы итиркейди кетирет. Эмне апрелчилер Өмүрбек Текебаев «Мегакомдон»  кыргыз элине тиешелүү 170 млн доллардын жоготуш үчүн күрөштү беле?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, “NazarNews.kg”

 

Последние новости