www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгын чыгарууда БШКнын сайтындагы мүчүлүштүк үчүн анын атасына чейин асылып акаарат келтиргендер чыгып жатканын билдирди.

Мамлекет башчы Facebook баракчасы аркылуу кайрылуу жасаган.

"Мага акаарат айтып, сөгүп-сагып, атама чейин сөз тийгизип, ишенбөөчүлүк көрсөтүп жаткан аттуу-баштуу эле "Кудайга ишенем" деп, дин жолунда жүргөн жарандарыма айтаарым:

Урматтуу жарандарым!

Мен дагы Кудайга ишенген адаммын. Ооба, атам өмүр бою Кудай жолунда жүргөн инсан. "Калыс бол, туура эмес жолго түшпө, куран окуганды үйрөн, намаз оку", деп 8-классымдан баштап үйрөткөн. Кудайым бейишинен берсин. Атамды тынч койгула", — деди Жапаров.

Аны менен катар бийлик шайлоо процессине кандай кийлигишпеген болсо, БШКнын ишине да ошондой аралашпаганын айтты. БШК тараптан дагы добуштарды бурмалоо болбогонун жана болбой турганын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости