www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тоолуу Бадахшандагы митинг аяктады

Тоолуу Бадахшан автоном облусунун борбору Хорог шаарында өткөн шаршемби күнү башталган митинг 28-ноябрь күнү кечинде аяктап, чогулгандар үйлөрүнө тарап кетишти. Бул маалыматты жергиликтүү бийлик менен жарандык активисттер ырастады.

Тажикстандын улуттук "Ховар" агенттиги автоном облустагы коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылуу боюнча мекемелер аралык штабдын басма сөз кызматына шилтеме кылып, "айрым кызыкдар тараптардын уюштуруусу менен 25-ноябрь күнү түштөн кийин башталган Хорогдогу мыйзамсыз митинг 28-ноябрда 20:00дө аяктаганын" кабарлады.

Аталган штабдын маалыматына ылайык, жарандык коом өкүлдөрү менен бийликтин ортосундагы сүйлөшүүдөн кийин Хорог шаарындагы коомдук тартип толугу менен калыбына келтирилип, бүгүнкү күндө коомдук транспорт кыймылы, соода жайлары кадимки шартта иштеп жатышат.

Дээрлик 10 саатка созулган сүйлөшүүлөргө катышкан жарандык активисттердин бири бийлик митингге чыккандардын талабын аткарууга макул болгонун билдирди.

"Бийлик акция катышуучуларын куугунтукка албоону жана Гулбиддин Зиёбековдун өлүмүнө күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартууну убадалады. Мындан тышкары алар Хорогдогу блокпосттор алынып, интернет байланышы калыбына келтириле турганын айтты", - деди ал.

Хурсанд Мамадшоев аттуу дагы бир активисттин айтымында, бийлик Гулбиддин Зиёбековдун, Гулназар Муродбековдун жана Тутишо Амиршоевдин өлүмү боюнча объективдүү тергөө жүргүзүүнү да убадалаган. "Тергөөнүн жүрүшүнө 44 жарандык активист көз салып турмай болду. Мындан тышкары Хорогдо абал жөнгө салынгандан кийин эки күндүн ичинде интернет байланышы кабылына келтириле турганын айтты", - деди Мамадшоев.

Күн мурун Хорогдун жашоочулары акыркы үч күндүн ичинде шаар ичине орнотулган аскердик блокпосттордун көбү алынганын кабарлаган.

Жекшемби күнү Тажикстандын жарандык коом өкүлдөрү өлкө президенти Эмомали Рахмонго кайрылуу жолдоп, Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы тынч митинг учурундагы кармоо маалында жарандык адамдардын өлүп, жаракат алганына тынчсызданууларын билдирип, бийликти "тез арада ашыкча күч колдонууну" токтотууга жана бул учурлар боюнча адилеттүү тергөө жүргүзүүгө чакырган.

Тогуз коомдук уюм кол койгон кайрылууда автоном облустагы окуялардан үч жай тургун каза болуп, 16дан ашыгы жаракат алганы белгиленген. Кайрылууда активисттер президентти "ар бир адамдын тынч жыйындарга болгон конституциялык укугун камсыз кылууга" жана акция катышуучуларын куугунтукка албоого чакырган.

Бийлик өкүлдөрү Хорогдогу акция катышуучуларына карата күч колдонулганын четке кагып, тескерисинче 27-ноябрда жергиликтүү тургундар парламент депутаты Азиз Гиёзодага кол салып, ал жаракат алганын билдирүүдө. Бул тууралуу автоном облустун прокурору 28-ноябрда "Бадахшон" телеканалынын эфиринде айткан.

Хорогдогу нааразылык акциясы 25-ноябрда Рошткалы районунун тургуну Гулбиддин Зиёбеков колго түшүрүү операциясынын жүрүшүндө атып өлтүрүлгөндөн кийин башталган. Бийлик ал бир катар кылмыштарга айыпталып жатканын, колго түшүрүү маалында каршылык көрсөткөнүн билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости