www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунда атасы “инкарчы” эже-сиңди кайрадан мектепке бара баштады.

Ак-Суу райондук прокуратурасы бүгүн “Азаттыкка” билдиргенине караганда, Сары-Камыш айылынын тургуну Азамат Алышбаевдин кыздары - 11 жаштагы Муслима жана 10 жаштагы Мухлиса - былтыр күздөн бери мектепке барбай жүрүшкөн. Буга атасынын диний көз караштан улам тыюу салып койгону себеп болгон. Алышбаев өзү 2017-жылдын ноябрь айында дааватка кетип калган, кийин милиция аны кайра алып келген.

Райондук прокуратура текшерүү жүргүзүп, кыздардын билим алышы камсыз кылынбаганы үчүн Кереге-Таш айыл өкмөтүнүн, мектебинин, социалдык өнүгүү бөлүмүнүн жана балдардын иши боюнча комиссиясынын тиешелүү кызматкерлери тартип жазасына тартылган.

Ак-Суу райондук милициясынын маалыматына караганда, Алышбаев “Йакын инкар” тобунун мүчөсү каттары каттоодо турат. Кыздарын окутпай койгонуна байланыштуу ага алгач 1000 сомдук айып салынган. Бирок бул чечим да, түшүндүрүү иштери да жыйынтык бербегендиктен прокуратура “аталык милдеттерин аткарышын камсыз кылуу” талабы менен райондук сотко кайрылган. Сот бул доо арызды толугу менен канааттандырды.

Учурда өспүрүм эже-сиңди орто мектептеги окуусун улантып, мектепке барып жүрөт.

2017-жылы 15-июнда Бишкектин Октябрь райондук соту "Йакын инкар" агымын экстремисттик деп тапкан. Буга Башкы прокуратуранын кайрылуусу себеп болгон. Анын тарапкерлери "балдар менен кыздарды мектепте бөлүп окутуу зарыл, телефон, телевизорду колдонбош керек" деген сыяктуу кескин көз караштарды карманып, чач-сакалын өстүрүп, узун кийим кийишет - деп билдирди Азаттык.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости