www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 3-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Казакстандын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Карим Көкрекбаевди кабыл алды.

Жолугушууда эки тараптуу кыргыз-казак алакалары тууралуу сөз болуп, саясат, соода-экономика, инвестиция, маданият, билим берүү жана гуманитардык жааттардагы кызматташтыкты арттыруу маселелери талкууланды.

Кыргыз тарап Казакстан менен болгон ынак коңшулук, достук жана кызматташтык мамилелерге өзгөчө маани берерин белгилеген Төрага, эки өлкө башчыларынын маңыздуу жана конструктивдүү мүнөздөгү акыркы жолугушуусу мамлекеттер аралык өнөктөштүктү мындан ары да өнүктүрүүгө өбөлгө болгонун кошумчалады.

“Кыргызстан Казакстан менен болгон өз ара алакаларды арттырууну көздөйт”, – деген Дастанбек Жумабеков бүгүнкү күндө соода-экономикалык кызматташтыктын көлөмүн 1 млрд. АКШ долларына жеткирүү максаты турганын белгиледи.

Өз кезегинде элчи эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлде экенине токтолуп, иш тартибинде чечилип жаткан бир катар маселелер тууралуу маалымат берди. Аны менен катар Карим Көкрекбаев казак тарап экономика, маданият, билим берүү жана инвестиция жаатындагы байланыштарды чыңдоо үчүн биргелешип аракет көрүүгө даяр экендигин билдирди.

Ошондой эле тараптар кыргыз-казак мамилелерин өнүктүрүүгө өбөлгө болгон парламенттер аралык алакалардын деңгээлине да жогору баасын беришти.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Булак: NazarNews.kg

Последние новости