www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азим Карашев деген болгон кайын агасы Усубалиевдин тушунда учкан куштай делбелектеп жүрүп Өзгөндү тейлеп калган. Акаевдин заманында Тогуз-Торо районун жетектеп, “ Макмалалтындын” алтындарын өзү калагандай билчү, керек учурларда Акаевдин учагы менен Швейцарияга ташып кетчү. Ал уулу Аалыны балмуздак берип чоңойтуп жүрүп айтылуу акаевчил ичип-жегич Чолпон Баекованын сиңдисине үйлөнткөндө, алтындарын чачып Исанова көчөсүнө заңгыраган хансарайларды салдырып берген дешет. Хансарайлары өздөрүнө буюрсун, кийин Аалы Карашев хамалеончо терисин алмаштырып ким бийликке келсе, ошонун көчүгүн жыттап жүргөндө пенсионер Азим Карашев көчөдө кетип бара жаткан адамды тебелеп кетип, чымын чаккандай да көргөн жок.
Аалы Карашев Бакиевдин заманында Оштун губернатору, Атамбаев келер менен биринчи вице-премьер болду. 2014-жылы Оштун мэри Мелис Мырзакматовду жыгыш үчүн Ошко барып, бул милдетти так аткарып, чимкирик парламентке депутат болуп келди. 2020-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоодо акчасын суудай чачып “Республика” партиясы менен шайлоого аттанып өтпөй калган. Бүгүн кимге ооп кеткенин ким билет. Бабанов бийликти колдоп жатса, тобо Аалы Карашев бийликти сындай баштаптыр. Артында чоң күч бар окшойт.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg