www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Октябрь айында мэриянын билим берүү тармагындагы адистери так жана гуманитардык багыттагы предметтер боюнча Бишкек шаарындагы мектептердеги дистанттык окутууда мамлекеттик стандарттын аткарылуусун текшеришти.

Дистанттык окутууну талдоо төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлдү:

1.Билим берүү мекемелеринин ченемдик укуктук документтери;

2. Окуу процессин окуу-методикалык жактан камсыздоо;

3. Окуу процессин ресурстук камсыздоо;

Жыйынтыгында аралыктан билим берүү боюнча мектептер төрт категорияга бөлүндү:

• 26 мектеп аралыктан билим берүүнүн “эң жогорку” деңгээлин көрсөттү;

• 40 мектеп аралыктан билим берүү боюнча “жакшы” деген көрсөткүчтө;

• 18 мектеп орточо деңгээлде;

• 2 мектеп начар деңгээлин көрсөттү;

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында 97 мектеп бар, анда жалпысынан 7 миң 200 мугалим эмгектенет. 87 бала бакча бар, 1 миң 370 тарбиячы эмгектенет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости