www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Бул жерде Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө сөз болуп жаткан жок. Бул жерде жаңы Баш мыйзам жөнүндө сөз болуп жатат. Жаңы Баш мыйзам качан кирет? Эгерде коомдук мамилер, тарыхы ушунчалык өзгөрүп, анда Баш мыйзам “тормоз” болуп жатса, “бизге жаңы Конституция” керек деп, коом консенсуска келип, Конституцияны кабыл алат. Азыркы болуп жаткан көрүнүш – конституциялык төңкөрүш”, – деп билдирди президенттикке талапкер Клара Сооронкулова бүгүн, 20-ноябрда “Жарандар бийликти узурпациялоого каршы” форумунун жыйынында.

Ошондой эле ал бир дагы мыйзамда жаңы Конституцияны кабыл алуу тартиби көрсөтүлгөн эместигин белгиледи.

“Кечээ Садыр Жапаров “мүчүлүштүк кеткен, көрсөтүлбөй калган” деп айтты. Туура. Көрсөтүлбөй калгандан кийин процедуралардын баарын бузуп, өзүмбилемдик кылып, депутаттарды мажбурлап жаңы Конституцияны кабыл алууга кимдин укугу бар?”

Эгерде жаңы Конституцияга чындап эле муктаждык болсо, анда ошону бизге идея кылып көрсөтүп берсин. Алгач концепциясы болуш керек, ошонун негизинде долбоор иштелип чыгышы керек. Концепция боюнча консенсуска келишибиз керек. Андан кийин долбоорду кеңири талкуулап, кабыл алышыбыз керек. Бирок, ошондой процесттерди жүргүзүүгө азыр шарт барбы? COVID-19 вирусу менен күрөшүүнүн ордуна биз жаңы Баш мыйзамдын долбоорун такуулап отурабыз”, – деди Сооронкулова.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости