www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

15 жаштагы кызын өлтүрүүгө шектелген адам Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына камалды. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Кыздын сөөгү өзү жашаган батирдин бөлмөсүнөн табылгандыгы аныкталган. Анын денесинде бир нече жаракаттары бар болгон.

«Күбөлөр милицияга чалып жатканда 8-кичи райондогу үйлөрдүн бириндеги батирден жашы жете элек кыздын сөөгү табылгандыгын кабарлашкан. Аталган факты КЖБРге Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Киши өлтүрүү” беренеси боюнча катталган. Кылмышка шектүү катары каза болгон кыздын 49 жаштагы Б.С. аттуу атасы кармалган. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды. Иштин чоо-жайы жана жагдайлары тергөөнүн жүрүшүндө такталат”, - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости