www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 7-июлда саясий партиялардын шайлоо эсептери ачыла турган банктарды аныктады. Ага ылайык, шайлоого катыша турган партиялардын фонддорунун атайын эсептери “РСК Банк” жана “Айыл Банкта” ачыла турган болду.

БШК бул жобо шайлоодогу каржылоонун жана саясий партиялардын чыгымдарынын ачыктыгын камсыздайт деп эсептейт.

Маалыматка караганда, партиялардын шайлоо фонддорунун каржылык бир жумалык иш-аракеттери тууралуу маалыматтар Боршайкомдун сайтына жарыяланып турат. Ал негизинен партиянын шайлоо фондуна ким, качан жана канча акча бергени, чыгымдар тууралуу маалыматтарды камтыйт.

7-июлдагы маалымат боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына 35 партия кайрылып, парламенттик шайлоого катыша тургандыгын билдирген. Шайлоого катышууну каалаган партиялар 8-июлга чейин маалымдама жиберүүгө тийиш. Ошондой эле 20-августка чейин Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин БШКга жөнөтүп, партиянын жыйынын өткөрүшү керек.

Белгилей кетсек, парламенттик шайлоо президенттин буйругу менен 4-октябрга белгиленген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости