www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индиянын тургуну эки кызына көп жылдар бою сексуалдык зомбулук көрсөтүп жүргөн. Бул тууралуу India Tomorrow басылмасы билдирет.

Бихар штатынын Винод Кумар Сингх уулдуу болууну кыялданган жана бул үчүн 2012-жылы көзү ачык Аджай Кумарга кайрылган. Анын айтымында, үй-бүлөдө эркек бала жоктугуна эки кыз себеп болгон. Ал Сингхти эркек балалуу болуу үчүн кыздары менен жыныстык катнашта болушу керектигин айткан.

Ал көзү ачыктын кеңешин аткарып, кыздарына сексуалдык зомбулук көрсөтө баштаган. Сингхтин аялы жана анын эжеси бул тууралуу билип, жада калса аны  бул кадамга түртүшкөн. Кийинчерээк жубайлар уулдуу болушкан, бирок Аджай Кумар Винод Кумар Сингхге кыздарын зордуктоону улантууну айткан. Болбосо ымыркайдын өмүрү коркунучта болорун айткан. Кийин Аджай ырым-жырым уюштуруп, кыздарды өзү зордуктаган.

2022-жылы ал кезде 14 жана 16 жаштагы жабырлануучулар үйүнөн качып, көптөгөн зордуктоо фактылары боюнча полицияга кабарлашкан. Тартип сакчылары көзү ачыкты, ошондой эле кыздардын атасын, апасын жана эжесин кармашкан.

Сингх менен Кумар зордуктоо фактысы менен өмүр бою эркинен ажыратылса, аялдар зордуктоого үндөгөндүгү үчүн 20 жылга түрмөгө кесилген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости