www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстанда мамлекеттик кызматкерлердин кирешеси менен чыгашасынын дал келишин көзөмөлдөй турган атайын орган түзүлөт. Бул тууралуу өлкө башчы окумуштуулар, өнөр жай жана изилдөө институттарынын өкүлдөрү менен жолукканда билдирди.
Өз сөзүндө Шавкат Мирзиёев кирешелери менен чыгашалары дал келбеген аткаминерлер мыйзам алдында жооп бериши керек экенин белгиледи.
“Жаңы түзүлө турган антикоррупциялык орган аткаминерлердин кандай үйдө жашап жатканын, айдаган автоунаалары менен балдарынын окуган жерлерин аныктоо аркылуу коррупциялык факторлорго баа берет. Эми ар бир жетекчи суроолорго жооп берет”,- деди мамлекет башчы.
Эске салсак, былтыр күзүндө 2020-жылдын 1-январынан тартып Өзбекстанда акырындык менен мамлекеттик кызматкерлердин мүлкүн, кирешесин жана чыгашасын декларациялоо системасын киргизүү тууралуу президенттин токтомунун долбоору жарыяланган. Азырынча бул документ кабыл алына элек.
Булак: NazarNews.kg