www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы күндөрү социалдык тармактарды фэйктер курчоого алды, башкача айтканда басып алды. Ачсаң эле негативден башы чыкпаган, бирөөлөрдү каралаган, урушуп, табалаган жагымсыз посттор. Ансыз да акыркы убакта сын алдыга чыгып, сый артта калып, элде нааразычылык алдыга чыгып, ыраазычылык артта калып барат. Ал аз келгенсип Кытайдын коронавирусу арсыз фэйктерге жем болду.
"Тигил жактан чыгыптыр, бул жака кириптир, тигинчеси кырылыптыр" деген, айтор арсыздардын оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып жаткан мезгил. Ал эми Кытайдан алынган акыркы маалыматтар боюнча алардын ооз ачканга мойну жар бербейт. Жакшылыкты жар салгысы келбейт. Акыркы алынган маалыматтар боюнча бул аты жаман оорудан сакайып чыккандардын саны 506га жетиптир. Кыскасы, кытай бийлиги коронавирусту жеңиптир.
Булак: “Факты.kg”