www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз душманды алыстан издебе деп бекер айткан эмес. Эчендеген кылым кыргын-сүргүндү, саткынчылыкты башынан өткөргөн эл, бузукулар сырттан эмес, ичтен чыгаарын көрүп, далай ирээт ичтеринен кан өткөндөн улам айтышкан тура. Ошол себептен, өзөктөн чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман деп каңырык түтөтүп, бармак тиштешсе керек. 

Тилекке каршы, андай ичтен чыккан ийри жыландар азыр да жок эмес. Өкүнүчтүүсү мындан ары да болот. Буга Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокуловдун кылыгы далил. 

Айтайын дегенибиз, кечээ парламент "Мамлекеттик тилдин макамы" боюнча конституциялык мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Добуш берген 75 депутаттын ичинен жападан жалгыз Кокулов эне тилине каршы добуш берди. Өз эне тилине каршы болгон мындайды ким көрүптүр? 

Мындай кадамга тарыхый эс-тутумун, руханий баалуулуктарын, өз эли менен болгон байланышын жоготкон маңкурт гана барат. Эруландын өз тилине каршы болушу маңкурттуктун белгиси. Ашса ашат, асти кемибейт. 

Кайран кыргыз качанкыга чейин кооз сүйлөп, калп патриот болгон шылуундарды ээрчип жаңыла бересиң? Ушул мурдунун учунан алысты көрбөгөн, түшүнүгү чектелүү, ыржаңдаган Эруландан эмнени үмүт кылып шайладыңар экен? 

Качан атың ким десе, маңкурт дечүлөрдү ажырата тааныйбыз? 

Улутту ириңдеткен паразиттерден арылбасак оңолбой турганыбызды түшүнчү убак өтүп баратат. Эсибизди жыйалы. Бир карын майды чириткен кумалактардын этегин кармап ээрчигенди токтотолу. Арыбызга келели.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости