www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Атылган дүрмөт” дүлөй кулактар...!

2018-жылдын 12-июлунда Кыргыз Республикасынын  Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбеков өзү “Чыңгыз-Ордо” тарыхый  мемориалдык комплексинин жерин ордунан көрүп, долбоордун ЭСКИЗИН жактырып кеткен болчу. Айтоор убакыт зымыраса да, тигилер кыбыраган жок. Мындай пикирин Апрел Баатыры Наралиев Төлөгөн NazarNews.kg маалымат агенттигине билдирди. Макаланы эч өзгөрүүсүз беребиз. 

Жарыяланган каттарга, кайра   кайрылабыс!

“Атылган дүрмөт” дүлөй кулактар...!

2020-жылдын август айларында массалык маалымат каражаттарында (сайттарда) “Чынгыз кайда?-Космосто...  Убадалар кайда?- Ооздордо”  андан кийин  “Улуу инсан Чынгыз Айтматовдун эстелиги нукура өзүнүн түспөлүндөй, элестүү, таалимдүү болуу керек” деген дүрмөттөр атылып,  ал бүтүндөй элден колдоо тапкан.  Айрымдары жеке номерге кайрылышып, алкап да,  жиберишкен. Анан эмне болду? “дүрмөт” дүнк дей түшүп, анан үнү жоголду.

Айрым,  сак кулактар “ Чынгыз Ордону” баштап койдук. Жер пайы бүтүрүлүп, буйруса мейманкана, музейи жана башкалары бүтөт да, чыдагыла-чыдагыла дешип сөөмөйлөрүн чочойтушуп, ооздорун бүйрүгөн. Мамлекеттен   керектүү акча каражаты бөлүндү. Азырынча 67 млн. сом берилет  дешкен. Минфин 34 млн. сом которгон. Ал акча кайда “учуп” кетти. Сураган жан жок, ой ботом! Депутаттардын айрымдары,  Чынгыз Айтматовдун Орусиянын Ростов-на-Дону шаарына   заказ берген эстелигин,  Бишкектен алып келишип, бирөөлөрдүн сарайына “камап” коюшкан. Аны уккан “Чынгыз Айтматовдун күйөрмандары” бул жарабайт дешип, чуу салышкан. Ал ошол бойдон калды. “Чынгыз Ордо” комплексинин курулушу токтогон. Эмне себептен?-эч ким ооз ачпайт!!!

Тилин тишине бекем бекитип, Өкмөттөгү “ойрондор”, маданият министрлиги,  (А. Жамангулов) эл эрмеги депутаттар, а түгүл Президенттик аппараттан да,   эч ким ооз ачпайт же алар Президент коопсуздук кенешинен  карайт деген сүр көрсөтүшөбү...?

Анткени 2018-жылдын 12-июлунда Кыргыз Республикасынын  Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбеков өзү “Чынгыз-Ордо” тарыхый  мемориалдык комплексинин жерин ордунан көрүп, долбоордун ЭСКИЗИН жактырып кеткен болчу. Айтоор убакыт зымыраса да, тигилер кыбыраган жок.

Таласта “Чынгыз-Ордо” комплексинин курулушу же анын бүтүшү САЯСИЙ  мааниге  ээ. Дүйнөнүн көп  өлкөлөрү улуу инсанды урматтап, эстеликтерин коюп  жатышса... Атаганат айтаарга сөз жетпейт. Ким болуп, кайда баратабыз? - деги. Күндөр өтүп жатат. Убадалар “чирип” жатат. “дүлөйлөр” үн катпайт. Ошентип улуу инсан  Чынгыз Айтматовго арналган ( бүтпөгөн) эстелик быйыл болбой калды окшойт. -Ээй “дүлөйлөр”!!!  Кудайды, улуу Чынгыз Айтматовду  кадыр тутcанар, “оодарылып” койсонор боло!!!

Улуу элибизге опол тоодой убадаларды берип, калп болдунар го, арбак алдында, Тенир алдында... Деги дабаа  жок экен силерге!!!  Баардыгы  дым-дым. Ал эми ишенгенибиз Кубатбек  Боронов “күнк” деп койсо болмок. Коншу мамлекеттер, чыгыштагы  мамлекеттер  угушса эмне дешээр  экен. Убададан тайбагыла да, Чынгыз Айтматовдун  тирүү арбагы күтүп жатат. Кудайдан корксонор боло?

Чынгыз Айтматов бүтүндөй дүйнө  элине таандык. Кокус, башка мамлекеттер же эл аралык фонддор биз эле “Чынгыз-Ордо” комплексин бүтүрүп беребиз, ал бүтүндөй адамзаттын кийинкиге ал туурасында калтыраар табариги дешсе, биз кандай абалда калаар экенбиз-ыя!!!

Антпесек, убада бердинби аны аткар, элден алкыш алып, арбактан ызаат көрөсүнөр да, ээй биздин “момундар”!!!

Ынтымактын да, биримдиктин да очогу, жарык берээр нуру ушунда эмеспи калк билермандары!!!

Эми деле кеч эмес, ОЙЛОНГУЛА!!!

Убадага так болгула “чабармандар”!!!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости