www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үстүбүздөгү жылдын 19-сентябрында Токтогул районуна караштуу Чолпон-Ата айылында жайгашкан ак таңдай акын Токтогул Сатылганов атабыздын музейинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин эл менен жолугушуусу өттү.

Жолугушууга "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынан аттанган талапкерлер: Кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал, коомдук, саясий жана мамлекеттик ишмерлер Ибрагим Жунусов, Ахматбек Келдибеков жана Токтогул районундагы талапкерлер Осмон Турдумамбетов, Анаржан Жумалиева жана башкалар катышты.

"Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынан аттанган талапкерлер лл алдында өздөрүнүн шайлоо алдындагы программалары менен тааныштырып, кызыктуу маек куруп беришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө эл ичинен берилген көйгөйлүү жана олуттуу суроолорго ачык, айкын жооп беришкен талапкерлерге Узун-Акматтын эли терең ыраазычылыгын билдиришип, "шайлоодо ийгиликке жетишкиле" деген ак баталарын беришти. Жолугушуу ачык, жылуу маанайда өттү.

“Мекеним Кыргызстан” партиясына добуш бериңиздер! Парламенттик шайлоо ачык жана таза өтүүсүн колдойбуз. Мекеним Кыргызстан – ар бир кыргызстандыктын партиясы!

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Последние новости