www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Биримдик» №1.  Жарандардын татыктуу жашоосун камсыз кылат

«Биримдик» партиясынын үгүт кампаниясы Бишкек шаарында жүрүп жатат. Жогорку Кеӊештин депутаттыгына талапкер Сауле Мейрманова Биринчи май районунун тургундарынын суроолоруна жооп берди.

Азыркы учурда эки башка көз караштын кагылышуусу болуп турат. Бир тарабы бардыгын сатып жана сатып алса болот деп эсептешет, экинчи тарабы-ыймандуулук менен жоопкерчиликке ык алгандар.

Сауле Мейрманова: «Менин «Биримдик» партиясынын катарына киргениме моралдык көз караштарым түрткү берди. «Биримдикте» дал ушу рухий-акыл-эс баалуулуктарына басым жасалат. Кудайга шүгүр, бизнес өнүгүп жатат, ийгиликке жеткен адамдар көп, бирок адамдын табияты барынан өйдө турат эмеспи. «Биримдик» партиясынын башкы концепциясы-бул адам-экендиги үмүт жаратат»-деди.

Азыркы учурда дүйнөдө ар кандай интеграциялык процесстер кызуу жүрүп, Кыргызстан да андан обочолонуп калалбаган шартта «Биримдик» партитясы сунуш кылып жаткан багыт-бул реалдуу багыт.
«Буга жашоонун өзү түртүп жатат, бул багыт менен жеке биз эле бараткан жокпуз»,-деген талапкер, «Биримдик» идеялары, философиясы жана бекем ишеними менен баратат»-деп кошумчалады. Мйерманованын сөзүнө караганда бул эӊ негизгиси.

Биринчи май районунун тургундары менен болгон баарлашууда «Биримдик» партиясынан талапкер Нуржан Тынымсеитова мамлекеттин функциялары жана шаардын муниципалитети тарабынан аткарылган иштер туурасында айтып берди. Ошону менен бирге эле Бишкектин инфраструктурасын өнүктүрүү, транспорт жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча суроолорго жооп берди.

Партиялык уюмдун лидери Марат Аманкулов партиянын артыкчылыктуу милдеттери, демократиялык социализм идеясы жана түшүнүгү боюнча шайлоочуларга маалымат берди. Марат Аманкулов партиянын программасынын өзөгүн жарандардын укуктары менен экриндиктерин коргоо, социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылуу түзөт деп белгиледи.

Депутаттыкка талапкер Рыспек Тойбеков өз сөзүндө евразиячылдык жана демократиялык социализмди өнүктүрүү маселелерине токтолду.

Биринчи май районунун жашоочулары менен болгон жолугушууда “Биримдик” партиясынын башкы максаты жарандардын татыктуу жашоосун камсыз кылуу, эркин өнүгүүсүнө жетишүү, жарандарыбыз камтама болбой, бакубат жашай турган социалдык мамлекетти куруу  экендигине басым жасалды.

«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен, финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Последние новости