www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Мекеним Кыргызстан” партиясынын талапкерлери Талас облусундагы сапарын бүгүн, 24-сентябрда “Манас Ордо” улуттук комплексине зыярат кылуудан баштады. “Манас Ордого” кирер замат жергиликтүү тургундар конокторду боорсок менен сары майдан даам сыздырып, ак элечек апалар батасын берип, жылуу тосуп алышты. Андан соң партия мүчөлөрү Манастын күмбөзүнө куран окутуп, зыярат кылышты. Соңунда Айкөл Манастын музейине кирип, таанышып чыгышты. 

“Мекеним Кыргызстан” партиясынын өкүлдөрү бүгүн саат 15:00дө Талас шаарында шайлоочулар менен жолугушуп, партиянын шайлоо алдындагы программасы менен тааныштырат. Эгер сиз Талас шаарында болсоңуз Капар Медетбеков атындагы облустук музыкалык драма театрында өтчү жолугушууга катышып, партия мүчөлөрүнө суроолоруңузду берсеңиз болот.

Парламенттик шайлоо ачык жана таза өтүүсүн колдойбуз. Мекеним Кыргызстан – ар бир кыргызстандыктын партиясы!

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Последние новости