www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз бийлиги Россиянын жана Казакстандын айрым аймактарынан канаттуулардын этин алып келүүгө убактылуу тыюу салды.

Сегиз айда Кыргызстанга Россия менен Казакстандан 10 миң тонна тоок эти алынып келинген. Абал өз калыбына келгенге чейин канаттуулардын этин, жумурткасын жана тоютту оору чыккан аймактардан убактылуу камсыздоо мүмкүн эмес.

"Биз аймактардагы бардык түзүмдүк бөлүмдөрүбүзгө канаттууларды өндүрүү жаатындагы ишкердик субъектилерине тиешелүү циркулярдык кат жөнөттүк, санитардык ветеринардык көзөмөлдү күчөтүү боюнча баарына тиешелүү көрсөтмөлөрдү, маалыматтарды бердик", - деди Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов.

Эскерте кетсек, куш тумоосу трансчек аралык аба аркылуу жугуучу оору катары эсептелет. Аны жапайы миграциялык канаттуулар да алып жүрүшү мүмкүн, мындан улам өлкөдө аларды көзөмөлдөө күчөтүлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости