www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунунун Аламүдүн районунун Кырман айылында Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын мүчөсү Абтандил Кулбараковдун аты көчөгө берилди. Бул тууралуу депутат өзү “Азаттыкка” түшүндүрмө берди.
- Ошол көчөдө жашагандар өздөрү келип, “жарыгыбызды, жолубузду оңдоп бер” деп суранышкан. Мен колумдан келишинче жардам берип, электрин коюп бердим, башкасын коюп бердим. Анан ошого ыраазы болуп, алар көчөгө менин атымды коюуну чечишиптир. Менин атым коюлса эмне болуптур, эмне, жер-суунун баарына эле адамдардын аттары коюлуп атпайбы? Жарыктарын, жолдорун оңдоп берсе, башкалардын деле ысымдарын кое беришсин да, анын эмнеси бар? Жарыгы жок тургандан көрө ошол жакшы да. Муну эмне эле жөндөн-жөн эле саясатташтырып жатасыңар, эч түшүнбөй койдум. "Атымды койгула" деп мен суранган эмесмин, ага кызыкчылыгым жок. Эгер ошондой эле атымды койдургум келсе, мен өзүм туулган, азыр жардам берип келген Жумгал районунда көчөгө атымды койдуруп алмакмын, деген маалыматты депутат Азаттыкка берген.
Бул маалыматты Кырман айылы баш ийген Лебединовка айыл округунун жетекчилиги да ырастап, Кулбараковдун аты айылдын “6 гектар” деп аталган участкасынын борбордук көчөсүнө коюлганын ырастаган.
Азаттык белгилегендей, айылдарда жолго шагыл төшөп же асфальттап койгон адамдардын аттары көчөлөргө коюла берсе бир аз жарашпай калат экен. “Боло берет турмушта, “особенно” кыргызда” дегендей, акыркы жылдары Кыргызстан “бардак” эле болуп кетти.
Негизи кыргыздар көзү тирүү туруп, атын койбойт дечү эле, кантсе да депутат Абтандил Кулбараков, калчылдап: “Менин атым коюлса эмне болуптур, эмне, жер-суунун баарына эле адамдардын аттары коюлуп атпайбы?”, деп Азаттыкка жооп бергенине караганда, таш көбүрөөк ташып койгонбу? Мейли эми, ичи тардык же көрө албастык деле эмес, килтейген ЖК депутаты Кулбараков асфальт төшөгөнүнө кудуңдап сүйүнбөй деле койсо болот.
Баса, көчө аттарын өзгөртүү боюнча 2020-жылга чейинки мораторий киргизилген же КСДПга мыйзам иштебейби?
Булак: NazarNews.kg