www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Терек-Суу айылында бала бакчанын пайдубалына капсула салуу аземи өттү. Салтанатка Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева, Ат-Башы районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Жакыпбек Субагожоев, Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Талант Стамакунов жана айыл тургундары катышты. Бул тууралуу маалыматты Айнура Дүйшөк кызы билдирди.
Ж.Ибраева сөз кезегинде региондорду өнүктүрүү жылына карата мамлекеттин гана жардамын күтүп отурбастан жеке тараптардын кичи мекенине салым кошуу демилгесин көтөрүп, жыл башында Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов тарабынан нарындык ири жана орто бизнес тармагында иш алып барган ишкерлер менен Бишкек шаарында жолугушуу өткөргөнүн айтты. Ишкерлер демилгени колдоого алып, жыл ичинде оорукана, бала бакча курууга, парктарды уюштурууга, ишкана ачып жумушчу орундарын түзүүгө жана башка жумуштарды аткарууга колдоо көрсөтүүнү убадалашканын маалымдады. Демилге жер-жерлерде улантылып, айыл жергесинин инфратүзүмүн жакшыртуу максатында учурда акимдер, айыл өкмөт башчылары жергиликтүү эл менен биргеликте социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуп жатканын белгиледи. Алардын катарында Терек-Суу айылынын эли балдардын билим жана тарбия алуусуна шарт түзүп берүү үчүн бала бакча салып жатканына ыраазычылык билдирди.
Андан соң айыл аксакалдары батасын берип, иш-чара бала бакчанын пайдубалына капсула салуу аземи менен жыйынтыкталды.
“Терек-Суу таңы” бала бакчасынын өзүнчө имараты болбогондуктан учурда мектептин бир башында жайгашкан. Терек-Суу айылында 430 түтүн жашайт. Мектеп жашына чейинки балдардын саны 345.
Айыл тургундары тарабынан 100 орундук бала бакча куруу үчүн өткөрүлгөн марафондо 4 млн сомдон ашык акча каражаты чогулган. Анын 2 млн сомун ушул айылдан чыккан ишкер Байболот Айтиметов берип, курулуш иштерин бүткөрүү жоопкерчилигин алды.
Булак: NazarNews.kg