www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чынын айтсак ушу Акылбек Жапаров жөнүндө жазгыбыз деле келбей калган, мага демектен турсийин башына кийип алса дагы. Башында анын моралдык-нравалык кылык жоруктарын, ичип-жегенин жакшы эле жаздык. Бир күнү болбосо бир күнү акылдуусунган Акылбектин бийликте отургандагы мыйзамсыз аракеттерин мамлекеттин тийиштүү органдары чукуп чыгып, талпагын ташка жайаар деп ал жандык тууралуу унутуп деле салганбыз. (ансыз деле калган маалымат каражаттары да Жапаровдун жакшы эмес жаман жагы көп экенин көп жолу коомчулукка ачып беришти.) Кайрадан ал Жапаров жөнүндө унчуканыбыз, шейшемби күнү болуп өткөн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында такыр эле чектен чыгып кеткендей божураганы кайра ал тууралуу жазууга аргасыздан мажбур кылды.
Ошол күнү эртең менен ЖКнын улуу трибунасына чыгып алып Улуттук стратегия жөнүндө акылдуусунуп атканын деле көрүп, «а-аа, баягы турбайбы» деп тим болгонбуз. Анан Жогорку Кеңештин түштөн кийин уланган жалпы жыйынында КР вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова баштаган тишелүү министрликтердин жетекчилери Кыргыз Республикасындагы билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо жана спорт жаатында балдардын укуктарынын корголушу тууралуу “өкмөттүк саат” болду.
Анда, айрым жерлерде жөлөк пулдарды акчалуулар сатып алып, акчасыздар тиешелүү документтерди топтой албай, жөлөк пулун алалбай калып жаткан фактылар бар экенин депутаттар Карамат Орозова менен Аида Касымалиева сыяктуу эл өкүлдөрү өкмөттөн келгендерге ташка тамга баскандай эле тастыктап берип жаткан. Бир учурда Акылбек Жапаровдун микрофону күйүп, балдардын укугун өтө эле коргогон кишидей болуп сүйлөп, анысы курусун, ошол ыйык трибунадан элди ачыктан ачык бай менен кедейге бөлүп кирбедиби. Аныз деле Кыргызстанда карапайым элдердин көпчүлүгү бийликтегилерге (өзгөчө «120ларга») нааразы сезимдери оргуп турганда Жапаровдун бүтүндөй элди бай менен кедей-кембагалга бөлгөн «кемсинтүүсүн» угуп унчукпай тура албадык. Депутаттык этика эле эмес, жалпы атка минерлердин функциясында да андай ээн-ооз көпкөндүк сөз айтылбаш керек эле. Тем более эл өкүлүнүн оозунан.
Бирок, депутаттардын арасында деле эркектерге караганда намыскөй кыздарыбыз бар экен. Жапаровдун ошол сөзүнөн кийин Аида Касымалиева дароо микрофонго чыгып Акылбек Жапаровдун анык жүзүн ачып салгандай эле болду. «Сиз бул жерде элди бай, кедей деп бөлбөңүз, дагы да балдарга боор тарткандай сүйлөп коёсуз. Керек болсо ошол балдардын укугу туурасында мыйзам долбоору комитетте каралып жатканда сиз биринчилерден болуп каршы чыккансыз» деди. Акылбектин дарегине карата андан да катуу сөздөр чыгып кетет беле ким билет, так ошол учурда Жапаровдун багына жараша депутаттардын иштөө убактысы да соңуна чыгып калбаганда. Касымалиеванын Жапаровко карата айтылган ачуу сынынан кийин жыйынга төрагалык кылып жаткан вице-спикер Мирлан Бакиров да ошо замат шаша-буша эмки жыйынга чейин танапис жарыялап жибербегенде.
Булак: "Айгай"