www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Теңирден тескери теңирчилер

Интернет тармагында теңирчилер менен мусулмандардын чатагы ырбап жаткан чагы. Фетхуллах Гүлендин «толеранттуулугунун» күзгүсү болгон Ала-Тоо университетинин Гүлзаты баш болуп, улутчулдардын «асабасы» каш болуп исламга жалаа жаап жатыры. Албетте, кээ бир мусулмандардын жана исламий топтордун караңгылыгы, каада-салтка карата каршылыгы кашайып теңирчилердин какшыгына шарт түзүүдө. Алар жөнүндө кийинчерээк кеп кылаарбыз, бирок бүгүн теңирчи радикалдар тууралуу талкуулайлы.

Жылаңач кыздардын көчүгүнө Алла, Мухаммед деген жазууларды чаптап интернетке тараткан теңирчилерди кой деп койбогондор Манастан айкөлдүктү үйрөндү беле? Араптардын баарын мусулман деп эсептеп, алардын христиандарын мусулмандарынан айырмалай албай жаткан теңирчилер менен кантип маданияттуу талкуу кылса болот? Анан калса 1,6 миллиард мусулмандын эмес, керек болсо бир туугандардын арасынан деле жезиттер чыгаарын унутпаш керек го?

Теңирчилердин тентектигине бийлик жакшы эле чыдап келе жатат. Бир барак менен кармалган мусулмандарды ондогон жылга камаган күр органдары теңирчилердин тетири иштерине келгенде тескери карап калууда.

Мусулмандар деле Манасты кыргыздын мусулман баатыры катары кабыл кылышууда. Ага болбостон Манас таанууну Теңир таанууга айландырган илимпоз сөрөйлөр Манастан исламды чыгарып, Саякбайга окшогон манасчылардын вариантын окугусу/окуткусу келбей жатышат.

Эң өкүнүчтүүсү теңирчилердин Манасты кудайга айландырганын карап тим болгон окумуштууларга таң калам. Өткөндөгү макалабызда Кыргызстанда шейхтер ыйыкташып жатат дедик эле, бирок теңирчилер да Манасты ыйыкташтырып жибергенин унутпайлы. Негизи эле бир нерсени көбүртүп-жабыртып ийчү жагыбыз бар эмеспи.

Теңир ишениминен дин жаратуу аракети даана байкалууда. Манастан Чубак кем бекен деген принципти карманган теңирчилер исламга альтернатива боло турган теңирчилик динин түптөөдө. Кандайдыр бир ишенимди динге айландырууга аракет кылган кишилер барып барып ошол диндин пайгамбарына айланып калаары тарыхта такталган чындык да. Анарбек Усупбаевге окшогон теңирчилерди 50 жылдан кийин кыргыз теңирчилигинин пайгамбары деп окуп калышат го мектеп окуучулары.

Адилеттүүлүк үчүн теңирчилердин Дин комиссиясынан каттоодон өтүү аракети жөнүндө да ачуу чындыкты айтпасак болбойт. Теңирчилер 500 киши болуп чогулуп, Ала-Тоо аянтындагы Манастын айкелин кудайыбыз деп көрсөтүп, ушунун айынан диний уюм түздүк десе, мамлекет аларды диний уюм катары каттоого мажбур. Себеби мыйзамдарыбызга ылайык мамлекет жарандардын диний ишенимдерине сый көрсөтөт жана алардын диний ишенимине ылайык диний уюм түзүүсүнө шарт түзүп берет. Жарандар эмнени дин деп кабыл алса да, мамлекет алардын ишенимине сый көрсөтүүсү абзел. Ошондуктан китебиңер жок экен, силерге пайгамбар келбептир деген шылтоолор менен теңирчилердин диний уюм түзүү талабын артка кайтаруу туура эмес.

Бийлик теңирчилер каттоодон өтсө мусулмандар менен тирешүүгө кирет, кыргыздар мусулман кыргыз-теңирчи кыргыз деп бөлүнүп калат деген жүйө менен теңирчилерди каттабай жатат. Бирок мыйзамды жазып, кабыл алгандан кийин аны аткарыш керек да. Анын үстүнө ансыз деле кыргыздар теңирчи жана мусулман болуп кайым айтышып жаткан чагы. Бийлик ушундай ызылдагандарды тартипке салуу үчүн бар да. Мамлекет укуктардын ишке ашуусуна шарт түзүп берет, бирок укуктарды колдонуп башкалардын укугун тебелегендерди да тескейт. Башкача айтканда мамлекет теңирчилерди каттоодон өткөрүүгө, ошол эле мезгилде теңирчилердин мусулмандарга чабуул жасоосуна тоскоол болууга милдеттүү.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости