www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Кытайлык спортчу кыздарды ушуну менен экинчи ирет эркектер деп шек санашууда. Массалык маалымат каражаттары Ляо Мэньсюэ жана Тун Цзенхуань деген жөө күлүк кыздарга көңүл бура башташты. Буга Кытайда өткөн 400 метрге чуркоо мелдешинде эки спортчу кыздын алдыңкы эки орунду ээлеши себеп болгон. Бул экөө башкаларга караганда марага 2 секундага тез келишкен.

Бул кыздардын эркек болушу мүмкүн деген шек саноо мындан бир ай мурун жаралган. Анда да алар атаандаштарын чоң айырма менен жеңип алышкан.  

Бул шек саноолордун канчалык чындыгы бар белгисиз, бирок Кытайдын Жеңил атлетика ассоциациясы эки спортчу тең кыздар экенин расмий билдирип келет.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости