www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Көпкөндө да ушул Албек Ибраимов көпкөн, ал уйгур болгонуна карабастан, мен кыргызмын деп куда күткөн. Кудасы Теңир-Тоодон экен Аскар Салымбеков баш болгон басып алчудай алтымыш адам келиптир. Тосуп алуучулардын катарында ал кездеги канайым Раиса Атамбаева эки жашка каалоосун айтты эле, Салымбеков жашып жиберди, кээ бирөө айтат шолоктоп эле ыйлады деп, көрсө канайымдар тост айтып жатканда, көзүнө жаш алгыча сүрөп туруу, анын көнгөн адаты экен.

“Ала-Тоодой эт, Ысык-Көлдөй чык” тарткан Албек Ибраимов акчаны каяктан тапкан?  Көрсө, “Дастан” сыяктуу заводду жетектегенде, аны орустарга сатышып Акчага “каныккан” экен. Жегенге кыныккан, акчага “каныккан” Албек Ибраимов берген суроолорго жооп бере албай эми сотто отурат. Ленин райондук соту бүгүн Албек Ибраимовдун коррупциялык иши боюнча кезектеги отурумун өткөздү. “Дастанда” 12 миллион 160 миң 641 сомдун изи табылбай жатат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости