www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Социалдык тармактарда, айрым маалымат каражаттарында бийлик Өмүрбек Бабановго бир команда болуп иштешели деп жуучу салып убара тартып жатканы айтылып, жазылууда. Жуучулук милдетти президенттин иниси Асылбек Жээнбеков менен КСДП депутаты Төрөбай Зулпукаров аткарып жатканы да сөз болууда, деп жазат "Фабула" гезити. 

Бабанов болсо бийликке аткарылгыс талаптарды койгону да кызуу талкууланууда. Башкача айтканда, бийликтин Атамбаевге кошулуп кетпесин деп жуучу салган адамдарына Бабанов кылмыш иштерин кыскартууну, премьер - министрлик кызматты берүүнү, министрлер кабинетин өзү түзөөрүн, ага кийлигишпөө сыяктуу талаптарды койгон.

Натыйжада, барган тарап бир пикирге келе албай коюшканы айтылып жатат. Ал ортодо Бабановдун позициясы билинди. "Республика" партиясынын жаштар канатынын лидери Азамат Баяманов, Атамбаевди колдогон «Элдик штабдын» талаптарын колдоорун жар салып, "Кыргызстанда эски элита түп - тамыры менен жоголуп, жаңы лидерлер келиш керек» - деген чакырык таштады, дейт "Фабула" гезити.

Бизге жеткен такталган маалыматтарга таянсак, КР президенти Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси Асылбек Жээнбеков менен Өмүрбек Бабанов жолуккан эмес. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости