www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттик аппараттын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн экс - башчысы Манас Арабаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмө берди. Анын видеосу «Ала – Тоо - 24» каналынын «Көлөкө. Инвесторлордун мүлкүнө кол салган Атамбаевдин эң жакын адамдары» аттуу фильмде айткандары жарыя болду. Арабаевдин айтымында, Раиса Атамбаева аны КЛС курулуш компаниясынын иши сотто каралып жатканда ага жардам берүү тууралуу суранган. Ал өз сөзүндө:
"Ошондой жолугушуулардьш биринде башка адамдар да бар болчу, бир жолугушууда анын уулу Раис да болгон. Алар курулуш компаниясына тиешелүү ишти карап жатканда көмөк берүүнү суранышкан" - деди.
Эл арасында эми башкасы бүтүп Атамбаевдин жубайына асылып башташтыбы? Айрымдар "Манас деген ыйык атты булгап, кантип аялга каршы жалган көрсөтмө берип кара башыңды калкалап калуунун амалын көрүп жатасың, эркексиңби же үч тамгасыңбы?" - деген ачуу сындар айтылды.
Булак: Фабула