www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевге милиционерлер суракка чакырган экинчи кагазды тапшырды. Атамбаев биринчи чакырууга барбай койгон.

Кечээ, 10-июлда, эки укук коргоочу саясатчынын Кой-Таштагы үйүнө барып чакыруу кагазын таштап кетишкен. 

8-июлда Атамбаев ИИМдин Тергөө кызматына күбө катары суракка чакырылган. Бирок мамлекеттин мурдагы башчысы "бийлик укуктук талаадан чыгып кетти" деп тергөөчүнүн сурагына келбей тургандыгын журналисттерге айткан.

Ал ошондой эле суракка чакырган документти көрбөгөндүгүн жана кагаздар юридикалык иштер боюнча өкүлү Сергей Слесаревге берилгендигин кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости