www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Алгач Кытайдан чыккан COVID-19 вирусу дүйнө жүзүн каптады. Өпкөнү сезгенткен бул оорудан улам өзгөчө кырдаал киргизген мамлекеттердин саны күн санап көбөйүүдө. Ага кошумча кошуна мамлекеттерде да коронавирус илдети саат сайын күчөп жатат. Бүгүн, 27-мартта NazarNews маалымат агенттигине Түркияда билим алып жаткан Асел Акматалиева жеринен байланышка чыгып, акыркы кырдаал тууралуу маалымат берди.

--Түркияда күн сайын кечинде өлкөнүн Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа коронавируска байланыштуу маалыматтарды берип жатат.

"Өлкөдө COVID-19 илдетин жалпы 3629 киши жуктуруп, оорудан 75 адам каза болду. Ошондой эле акыркы 24 саат ичинде 7286 киши коронавирус инфекциясы катталгандыгы аныкталды. Ошондой эле жалпы түркия эли вирус оорусуна байланыштуу көрүлгөн чараларга баш ийиңиздер!",- деп  Саламаттык сактоо министри билдирди.

Ошондой эле, бүгүн, 27-мартта Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа өлкөнүн 81 областынын тиешелүү мекемелери менен онлайн-видео аркылуу жыйын өттү. 

Белгилей кетсек, буга чейин Фахреттин Кожа Түркиянын 83 млндон ашык адамга тесттен өткөрүлбөй тургандыгын кабарлаган. Анткени, тест тапшырганда 3 же 5 күндөн кийин, тесттин жыйынтыгы оң болуп калышы мүмкүн деген билдирүүсүн тараткан.  

Мындан сырткары, Түркия мамлекетинин президенти  Режеп Таййип Эрдоган кечээ, 26-мартта дагы бир жолу "Үйдө бол!" деген чакыруусун кайталады.

"Баардык эсккертүүлөргө көңүл буралы, сабырдуу бололу өзүбүздүн жана чөйрөбүздүн саламаттыгына көңүл буралы!", - деп баса белгиледи.

Мындан сырткары, Асел  Асел Акматалиева Кыргызстанда илдеттен ооругандар болсо сакайуусун тилеп, жалпы кыргыз элине үйдө болгула, коронавирустун токтошуна үйдө олтуруп гана жардам бере алабыз деген пикирин айтып өттү.

Урматтуу кыргызстандыктар! Дүйнө элинин үшүн алган шамалдай таркаган вирус күч алды. Зарыл жумушуңуздар болбосо көчөгө чыгуунун кажети жок!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости