www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мыйзамдуу талапка баш ийбеген айдоочуга  токтотуу үчүн эскертүү иретинде ок атуучу куралдан асманга ок чыгарылды. Бул тууралуу Ош облусунун Кара-Суу,Ноокат райондорунун комендантынын маалымат борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 27-март күнү, саат  10:20 чамасында  Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Ош шаарынын Р.Абдыкадыров көчөсү менен С.Абдувалиев көчөлөрүнүн кесилишинде кызмат өтөп турган учурда, “Хонда-фит” үлгүсүндөгү мамлекеттик белгиси “В 7794 АН” болгон автоунанын айдоочусу, мыйзамдуу талаптарга баш ийбей автоунасын токтотпостон, кызматкердин өмүрүнө коркунуч келтирип,  аны капотуна сүдүрөп, зомбулук көрсөтүү менен качып кетип жаткандыгы үчүн  КРнын укук коргоо органдарында кызмат өтөө мыйзамынын 46-беренесине 1-бөлүмүнүн 9-пунктунун негизинде, штаттык табельдик ок атуучу куралы менен эскертүү иретинде, асманга бир жолу ок чыгарып, автоунаны токтоткондугун билдирген. Айдоочу аял Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына алынып келинди.

Бул факты боюнча топтолгон материал, Ош ШИИБнын кылмыштарды жана жоруктарды каттоонун бирдиктүү реестрине  КРнын жазык кодексинин 355-бер.1-п. катталып, аталган сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Айдоочу тергөөгө камсыз болуп, алгачкы сурагында  “бир жерге шашлыш түрдө автоунасын башкарып бара жатып, жогорудагы окуя болгондугун” билдирген.

Сотко чейики өндүрүш иши боюнча  милиция кызматкеринин алган жараатынын оордук даражасын аныктоо максатында, соттук медициналык экспертиза дайындалды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости