www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы Элчилиги АКШнын Калифорния штатынын жээгинде карантинге кармалган “Grand Princess” круиздик кеменин бортунда жүргөн Кыргызстандын эки жараны менен 5-мартынан баштап тыгыз байланышта болгонун маалымдайт.

Айтылып кеткен кеме карантинге кармалгандан кийин, жүргүнчүлөр карантинди ары өтүү үчүн АКШнын Джорджия штатында жайгашкан карантиндик борборго көчүрүлгөн болчу.

Бир нече өткөрүлгөн тесттердин натыйжасында, карантиндик борборунун медициналык кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жарандарында коронавирус оорусу жок экендигин ырастады.

26-мартында Кыргызстандын эки жараны карантиндик борбордо карантинди сак-саламат өтүп үйлөрүнө кеткендиги билинди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости