Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү
Расмий кабарлар  |   |  2192

Бүгүн, 27-мартта, Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, эки өлкөнүн башчылары коронавирус инфекциясын жайылтпоо, ошондой эле соода-экономикалык жана транспорттук-транзиттик тармактарда кызматташууну өркүндөтүү боюнча биргелешкен чараларды талкуулашкан.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями