www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Өзгөн аймактык ооруканасында дарыгер болуп иштеген Нурила Жамантай кызы “ооруканабызга коронавирус жуктурган бейтап келди” деген жалган маалыматты тараткан үчүн коомчулуктан кечирим сурады. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине окурманыбыз билдирди.

“Мен Жамантаева Нурила Өзгөн районунун тургуну болом. Өзгөн районунун аймактык ооруканасында иштейм. 2020-жылы 28-февраль күнү өзбек  улутундагы атуул коронавирус оорусу менен ооруп, ооруканага кайрылды деп, чындыкка дал келбеген туура эмес маалыматты  тамашалашып, түшүнбөстүк кылып, вотсаптагы классташтар группаларына жөнөтүп жибериптирмин. Бул маалымат туура эмес. Эч кандай атуул ооруканага түшкөн жок. Мен ошентип айтып алганыма аябай өкүнүп жатам. Бул чындыкка туура келбейт. Кыргыз элимден кечирим сурайм. Өзгөн районунда коронавирус менен катталган атуул жок”, - деди дарыгер айым.

Белгилей кетсек, “Коронавируска шектелген бейтап Өзгөн аймактык ооруканасына жаткырылды” деген аудио маалымат 28-29-февралда социалдык тармакка жайылган.

Ош ОИИБден билдиргендей, социалдык тармактарга такталбаган маалымат таркаткандыгы боюнча факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

“Кечээ, 28-февраль күнү социалдык тармактарга коронавирус боюнча жалган маалымат тараткан адамдын ысымы аныкталган. Учурда тиешелүү маалыматтар чогултулуп, тергөө иштери башталды. Аталган факт Өзгөн РИИБ тарабынан текшерилип жатат. Маалыматты таркаткан адамга мыйзам чегинде чара көрүлөт”,-деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости