www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыр эки адамдын башы бириксе бизнес ачып, олчойгон пайда табуу жөнүндө кеп салышат. Айрымдары ишкерликти жаңылыш нерседен баштап, максатына жетпей, ара жолдо мүдүрүлүп кала беришет. Булардын катарын “Айымдар ордосунун” негиздөөчүсү Назгүл Култакеева толуктады.

Элдин кыялын 3 миң сом берсеңер эле орундатам деген бул оюн 2019-жылдын апрель айында башталып, ошол эле жылдын сентябрь айында токтогон. Оюндун шарты боюнча ар бир катталуучу 3 миң сом төлөп, катталгандыгы үчүн 3 этап менен үй шартына керектүү 20 миң сомдун    белектерин алып турушкан. Оюнга болжол менен  жалпы 20 миңдей адам катталган. Тизменин башында катталган айымдардын көпчүлүгү 3 миң сом төгүп, өздөрү каалаган чоң белектерди алышкан.

Бирок, оюн кызуусуна кирип, эл ишеничин алган соң, негиздөөчүсү тарабынан оюн токтотулган. Себеби, катышуучулар акчасын банк аркылуу төлөп турушкандыктан, оюндан түшкөн акча каражаты, финполициясы койгон нормадан ашып кеткен. Буга байланыштуу негиздөөчүнүн ишин финансылык пирамида болушу мүмкүн деген негизде текшерүүгө алышат. Текшерүү иши көп убакытка созулгандыктан, оюн убактылуу токтотулат. Бирок, акчаларын ала албай калган айымдар Култакееванын үстүнөн арыз менен укук коргоо органдарына кайрылышкан.

Чындыгында эле окуяга ким күнөөлү NazarNews маалыматтык агенттиги эки тараптын чындыгын ачып берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости