www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Атамбаев буга чейин "мыйзам алдында баары бирдей, ууру түрмөдө отурушу керек" деп айтканы менен өзү кылмыштарын моюнга албай турганы көрүнүп калды. Жээнбеков мурдагы досу Атамбаевдин кызыкчылыгынан мамлекеттин кызыкчылыгын жогору койду. Кыргызстандагы коррупцияга каршы күрөш Атамбаевдин айлана-тегерегинин кылмыштарын аныктады. Атамбаевдин алдын ала ойлонулган элге каршы саясаты: өзүн уккан президентти, өкмөт башчыны бийликке коюп, өлкөнү суперпрезидент катары өзүм башкарам деген планы ишке ашпай калды. Жогорку Кеңеш мурдагы президентти кол тийбестиктен ажыратканы Башкы прокуратурага тергөө иштерин баштоого шарт түздү. Мындан тышкары мурдагы президент мыйзамдан өзүн жогору койбошу керектиги, өз чындыгын тергөө жана сот органдарына далилдөөгө тийиштиги белгиленген.

Ушулар жөнүндө Кыргызстандын мурдагы спикерлердин кеңеши өлкөдөгү акыркы саясий кырдаал боюнча билдирүү таратты. Анда парламенттин мурдагы төрагалары Медеткан Шеримкулов, Алмамбет Матубраимов, Мукар Чолпонбаев, Абдыганы Эркебаев, Алтай Бөрүбаев, Муратбек Мукашев, Марат Султанов, Айтибай Тагаев, Зайнидин Курманов, Исхак Масалиев, Акматбек Келдибековдун ысымдары жазылган.

Эске сала кетсек, 27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевдин «экс-президент» статусун алып, кол тийбестиктен ажыраткан. Бул чечим укук коргоо органдарына аны кылмыш жообуна тартууга мүмкүнчүлүк берет.

«NazarNews.kg»

Последние новости