www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Кечээ, 26-мартта Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүнү күчөтүү зарыл экендигин билдирди. Ошондой эле чет өлкөдөн келген жарандар көрсөтүлгөн жардамга карабай, карантин учурунда көчөгө чыгып кетип жаткандыгын айтты.

--“Чет өлкөдө жүргөндөр көп, бирок көптөрү аларды алып келгенибиздин кадырына жетпей жатат. Ар бир күнү изденүүнүн аракетиндебиз. Алдыда эң оор күндөр келе жатат. Мына ушуга биз баарыбыз даяр болушубуз керек. Айкөл калкыбыз бар. Элибизге таазим кылсак арзыйт. Кудай буюрса мындан да өтүп кетебиз. Болгону сабыр-каниет, аракет менен өтө алабыз. Мээнет кылышыбыз керек. Акыл менен аракет кылышыбыз керек. Бет кап кийип, көчөдө жүргөн болбойт. Адамдар үйдө олтурсун. Чыкпаңыздар. Эмнеге келдиң, эмнеге кеттиң деген суроо менен кайрылсак, илдеттен аябай жеңилдик менен өтүп кетишибиз мүмкүн. Кечкурун адамдар эмнеге үйүндө эмес? Улутубузду сакташыбыз керек. Биздин улуу тарыхыбыз, маданиятыбыз бар. Дүйнө жүзүнүн алдында маданиятыбызды көрсөтүшүбүз керек. Кандай оор болбосун, ушул көрүнүштөргө маани бериңиздер. Жаштарыбызды, акскалдарыбызды, энелерибизди абайлайлы. Алар батасын кылып үйдө олтурсун. Биздин үйүбүздө инфекция жок, сырттан келди. Мына ушул маселелерге маани бериңиздер. Кенебестик кылбаңыздар, баарын жүрөгүңүздөр менен сезип, биргеликте жакшы мамиледе болуп, ушул апааттан кутулуп алышыбыз керек”, - деди Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев.

Белгилей кетсек, алгачкы жолу Өзбекстанда 15-март күнү коронавирусту жуктуруп алган жаран катталса, кечээ аталган илдет менен 65 киши жабыркаган.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагында жарандардын коронавирустук инфекцияны жуктуруп алган 44 жаран тастыкталса, бейтаптардын алтоо реанимацияда жатат. Кечээ, 26-мартта оору жуккан учур катталган эмес. Эске сала кетсек,  Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, 24-мартта «Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө» Жарлыкка кол койгон. Ал эми «2020-жылдын 11-мартында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 жаңы коронавирустук инфекциясынын жайылышын пандемия катары жарыялады.

Урматтуу кыргызстандыктар! Дүйнө элинин үшүн алган шамалдай таркаган вирус күч алды. Зарыл жумушуңуздар болбосо көчөгө чыгуунун кажети жок!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости