www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 27-мартта Нур-Султан шаарында коронавирус менен жабыркаган дагы 7 адам катталды. Жалпы Казакстан боюнча аталган илдет менен ооругандардын саны 120га жетти. Нур-Султан шаарында 60, Алматыда 47 адам, Карагандыда 4, Чымкентте 2, Алматы облусунда 1, Жамбыл облусунда 3, Акмолада 1 адам – жалпы саны 120га жеткен.

Ал эми кошуна мамлекеттерден Өзбекстанда бүгүн, 27-мартта коронавирус илдетин жуктуруп алган 10 киши катталды. Кечээ, 26-мартта Өзбекстанда аталган илдет менен 65 киши жабыркаса, бүгүн, 27-мартта 75 кишиге жетип өлкөгө коронавирус илдети кулачын жайып тосуп кирди.

Ал эми Тажикстанда азырынча коронавирус илдети каттала элек. Ушул тапта Кыргызстандын аймагында жарандардын коронавирустук инфекцияны жуктуруп алган 44 жаран тастыкталса, бейтаптардын алтоо реанимацияда жатат. Кечээ, 26-мартта оору жуккан учур катталган эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости