www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз тарап Орусияга учууга билеттердин баасын төмөндөтүү үчүн аталган өлкөдөн туруктуу каттамдардын санын көбөйтүүнү суранган. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинин директору Сталбек Шаршеев маалымат жыйын берип жаткан учурда айтты.

«Учурда Орусияга жумасына эки каттам каттайт. Бишкектен Москвага учууларды жума күндөрү «Аэрофлот» жана «Авиа Траффик» авикомпаниялары тейлеп жатат. Калган 80ге жакын рейс чартердик рейстер. Коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү боюнча Орусия оперативдүү штабына кайрылып, алар биздин өлкөгө үзгүлтүксүз каттам түрүндө жүргүзүлсүн деп чечишти. Бул ишке ашаары менен, баа саясаты жөнгө салынат», - деди Шаршеев.

Баалар жөнүндө сураганда, ал авиакомпаниялардагы бааларга агенттик киреше албай турганын белгиледи.

«Авиакомпаниялар пандемия учурунда келтирилген чыгымдарды жабуу үчүн ушул чараларды көрүүгө аргасыз болуп жатат. Жалпы эле билеттердин бааларын Жарандык авиация агенттиги эмес, авиакомпаниялар өздөрү бекитет», - деп кошумчалады ал.

Эске салсак, Орусияга уча турган болсоңуз, сизде паспорт жана COVID-19 оорусунун жоктугу жөнүндө маалымкат болушу керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости