www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин Маданият, маалымат жана туризм министрлиги ырчы Курал Чокоевдин чуулгандуу программасына конок катары катышкан Кайрат Примбердиевди "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти” наамынан ажыратуу боюнча сунушту президенттик аппаратка расмий жөнөткөн.

Президенттик аппаратка караштуу сыйлыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы министрликтин сунушун канааттандырган жок. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда комиссиянын каты жарыяланды.

Катта, Жазык кодекси боюнча мамлекеттик сыйлыктар, аскердик наамдар, класстык чиндер кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган учурда же өтө оор кылмыш кылган учурда гана кайтарылып алынат. Ал эми Кайрат Примбердиевдин окуясында Эмгек сиңирген артисти наамынан ажыратууга мыйзамдуу негиз жок экендиги айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости