www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коррупционерде "Ата Мекен, кичи Мекен"- деген түшүнүк жок. Коррупционерде "Тууган,жердеш, уруулаш"- деген түшүнүк жок. Коррупционелер "Кантип, кандай жол менен болсо да уурдаш керек. Жеке керт башынын байлыгын көбөйтүш керек. Жеке жашоосун бейишке айландыруу керек."- деген түшүнүк менен гана жашап иштешет. Ошондуктан мамлекети жакырланып, итке минип, мекендештери миңдеп чет элге жумуш издеп тентип кетип жатканына эч кейишпейт. Өздөрү чет өлкөлөрдөгү мыкты деген крорттордо эс алып, ичип-жеп, жыргап жашаса болду. Эртең мамлекетиң жок болуп кеткенине деле кейибейт. "Акчам болсо кайсыл өлкөдө болсо деле жыргап жашай берем"- дешет. Анан сенин корооңдогу (мамлекетиңдеги) миң койду уурдап алып анын бирин кайра сага союп берип коноктоп койсо, төбөң көккө жетип "Баланча мага жардам берди. Баланча мени конок кылды"- деп кубанып, ага болушуп, таламын талашып кыйкырбашың керек. Мындай акмакчылыкка, акылсыздыкка барбашың керек, - дейт жазуучу Чолпонбек Абыкеев.

Коррупционер ууру-бүгүнкү жашообуздун жамандыгына, пенсиянын, жөлөк пулдун аздыгына, айлык маянабыздын өспөй атканына, балдарыбыздын начар билим алганына, ооруканаларыбыздын начар иштегенине түздөн түз күнөөлүү экенин эсибизден чыгарбайлы. Коррупционерлердин тымызын мамлекеттин канын соргондугунун кесепетинен жүз миңдеген мекендештерибиз тентип чет өлкөдө иш издеп жүргөнү ар бирибиздин жадыбызда турушу керек. Коррупционерлер жөн адамдар эмес алар жектен куу, арамзаа, тилинен бал тамган сөзмөр, кубулма эки жүздүү, кимди болсо да алдап коюшка жараган алдар көсө, керек болсо байкуш боло калган артис да болушат. Жеке керт башынын кызыкчылыгы үчүн "Жердештерим, уруулаштарым" - деген ураанды көтөрө салып, айрымдарга сөөк ыргытып, ичкен жегенинен калган жугундуну куюп берип аркасынан кыйкыртып ээрчитип алганды да жакшы билишет. Бул алардын машыккан ыкмалары.

Урматтуларым! Коррупция менен болгон күрөш барган сайын күчөп бара жатат. Коррупционерлер барган сайын кирээрге тешик таппай жан айласын көрө башташты. Биринчи эле алар көнгөн адаттарына салып,элди регионго бөлүү, уруу кызыкчылыгын көтөрүү аракетин көрүшүүдө. Так ушундан сак бололу. Эл тике туруп коррупционерлерге каршы биригип чыкпасак бул жети баштуу желмогуз менен күрөшүүгө Садыр Жапаровдун, Камчыбек Ташиевдин күчү жетпейт.

Коррупционерлер түрлүү ыкмаларды колдонуп, керектүү жерге каражатты да аянбай чачып, түрдүү ушактарды таратып ишти тескери бурууга аракеттерин да каражаттарын да аяшпайт. Мындай иштерди алар тымызын баштап да жиберишти. Кайталайын эгер эле чындап мамлекетибиз экономикалык жагынанбы маданий илимий жагынанбы өсүп-өнүксүн десек, сыртта тентип жргөн мекендештерибиз кайтып келсин десек коррупционерлердин куу жүрүштөрүнөн сак бололу.

Алардын жетегине түшпөйлү. Коррупционерлерди, ууруларды жек көрүүнү жалпы элдик ишке айланталы. Кыргызстанда болгону миңдин тегерегинде чоң коррупционерлер бар. Алардын 200-300 дөйү ири коррупционерлер. Эгер бийлик саясий эрктүүлүгүнөн кайтпаса, эл, биз коомчулук бийликти колдоп турсак коррупциядан бир эле жылда кутулса болот. Таза коомду бир-эки жылда курсак болот. Коррупцияны Кыргыз мамлекетине экинчи жологус кылып койсо болот. Негизи Кыргыздар эл ырыскысына кол салгандарды түбүбүздө жек көргөн элбиз. Кыргыздын байлары элден алган, уурдаган эмес тескерисинче дайыма элге берген. Элин баккан. Улутубуздун ушул мүнөзүнө биз бириксек бат эле кайта кайтабыз. Бир бололу! Ынтымактуу бололу! Коррупционерлерди жалпы элдик жек көрүүгө алалы! – дейт Абыкеев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости