www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2012-жылдын августунан 2016-жылдын январына чейин кереметтүү Ысык-Көл жээгиндеги КР өкмөтүнүн алдындагы Маммүлк фондунун алдындагы “Ысык-Көл Аврора” санаторийинин директору болуп, андан кийин Ысык-Көл облусунун губернаторлугуна секирик жасаган Аскат Акибаев аттуу экс-чиновникти жакшы тааныйбыз.
Ал өзүн убагында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүнүн демилгечиси катары көрсөткүсү келип, төш каккылап жүргөнүн да укканбыз. Анан дагы КТРКнын журналисттери менен өтө тыгыз кызматташып, өзүн-өзү пиарлоонун мыкты үлгүсүн көрсөтө алган. Көрсө, ал журналисттерди санаторийде бекер эс алдыруу менен эле “Авроранын” ишин аябай алдыга жылдырып, өнүктүрүп аткандай түр жарата берчү тура. Бирок, реалдуулукта санаторийдин иши алдыга жылбай эле, анын өзүнүн жеке чөнтөгү кампайып турчу экен.
Сөздү ток этер жеринен баштайлы, 2015-жылдын апрель айында “Аврора” санаторийинин кызматкерлеринин атынан анын директору А. Акибаевдин мыйзамсыз жасап аткан иш-аракеттери тууралуу кең-кесири жазылган кайрылуу жогорку бийлик өкүлдөрүнүн дарегине келген экен. Ага чейин дагы ушундай эле кайрылуулар ошол убактагы Башкы прокурорго, ИИМ министрине, АКС төрагасына, Экономкалык кылмыштуулук менен күрөшүү кызматына, алтургай ошол убактагы президент, премьер-министрлердин дарегине чейин жолдонгон экен. Бирок, эмнегедир эч кандай чара көрүлгөн эмес. Кайрылууда А.Акибаев санаторийге директор болуп келгенден тарта, акча түшө турган жерлердин баарына өзүнүн жакындарын, туугандарын кызматка коюп, алар аркылуу санаторийдин казынасына түшө турган акчаларды өзүнүн чөнтөгүнө буруп келгени айтылат.
Баса, адегендеги кайрылуулардын арты менен санаторийге текшерүүчүлөр келишкен экен. Бирок, ал текшерүүчүлөр жөн гана үстүртөн текшерип кетип калышкан. Текшерүүчүлөр келгенде мурда эс алып, акчасын төлөп, бирок каттоого киргизилбей калгандардын ордуна башка эле адамдардын аты-жөндөрүн каттап, 15 күн эс алгандарды 5 күн эс алды деп каттап, эптеп көз боемочулук жасашкан.
Эгерде текшерүүчүлөр кынтыксыз текшерүү жүргүзгөндө, анда А. Акибаевдин санаторийдин ичинде түзүп алган коррупциялык схемасынын бети ачылмак. Тилекке каршы, текшерүү жөн гана көз көрсөтүүүчүн баргандай болуп калган.Андан кийинки кайрылуулардын негизинде да тиешелүү органдарга текшерүү милдети жүктөлгөн. Бирок, баары бир А. Акибаевдин кылы кыйшайган эмес.
Кайрылууда “Авроранын” кызматкерлери 175 жана 128 адамдын аты-жөндөрү жазылган эки тизмени тиркешкен. Башкача айтканда, ошончо адамдын “Аврорада” акча төлөп эс алганы чындык болгону менен, алардын аты-жөндөрү каттоого алынбаган. Демек, алардын акчалары дагы бухгалтериясына кириштелген эмес.
Ошентип, А. Акибаевдин алдым-жуттумдугунун айынан санаторийдин кызматкерлери жаз-күз айларында “план толбой калды, акча жакшы түшкөн жок, сезон болбой калды” деген шылтоо менен камсыздалбаган отпускага чыгууга аргасыз болуп келишкен. Бирок, алар сезон маалында эс алуучулар өтө көп келип, бош орундар дээрлик жок болуп калып атканын өз көздөрү менен көрүп турушкан. Жамааттык келишимде каралган кварталдык, жарым жылдыкта берилүүчү сыйакыларды да берген эмес.
А. Акибаев “Аврорадан” жеке финансылык кызыкчылыгын канааттандыруунун бир нече жолун тапкан. Анын биринчиси, санаторийге керектелүүчү азык-түлүктөрдү, электротоварларды, чарбалык, сантехникалык жана башка товарларды сатып алууда тендерде көрсөтүлгөн сумманын 15-20%ын Акибаевдин жеке чөнтөгүнө “кириштеп” берүүгө макул болгон фирмалар гана катышып жана жеңип келишкен.
Экинчиси, санаторийдеги ижарага берилүүчү жайлар боюнча түзүлгөн келишимдерде көрсөтүлгөн баа менен реалдуулукта алардын төлөгөн баасынын айырмасы болгон. Башкача айтканда, документ жүзүндөижара акылардын баасын төмөндөтүп көрсөтүп, ал эми реалдуулукта андан алдаканча жогору баадагы ижара акысын алып келген. Мындай ижарага бериле турган жалпысынан 29 жай бар экенин эске алганда, алардын ар биринен ашыкча түшкөн акчадан Акибаевдин чөнтөгү бир топ калыңдаганын түшүнө берсек болот.
Үчүнчүсү, санаторийге эс алууга келген эс алуучулар регистратурага келип, акчасын төлөп, каттоо баракчасын алышат. Бирок, каттоочу жайда отурган адам аларды компьютерге киргизбей келген. Демек, акча түз эле директордун чөнтөгүнө барып түшүп турган. Дагы бир фокусу мындай – люкс, полулюкс деген номурларга кирип эс алгандарды жөнөкөй эле номурга кирди деп катташып, ортодогу айырмачылыкты да сол чөнтөккө солоп турушкан.
Төртүнчүсү, А. Акибаев санаторийге директор болуп келгенден кийин өзү менен кошо жакын туугандарын, досторун да ала келип, акча менен иштей турган жерлерге орноштурган. Мисалы, анын жакын тууганы А.Исраилов каттоочу жайда отурган. Т. Амиров аттуу кайниси санаторийде жабдуучу (снабженец) болуп иштеген. Г. Молдалиев – аялынын курбусу, ал санаторийдин башкы бухгалтерлигин аркалаган. Д. Мусаев аттуу досун санаторийдин дарылоо бөлүмүнө башчы кылып дайындап койгону менен ал жумушка деле келчү эмес экен. Бирок, айлык акыны өз убагында алып турган. Мындан сырткары өзүнүн орун басары жана башка жакшы кызматтардын баарын досторуна, жакындарына ыйгарган. Жалпысынан алар 18 адамды түзөт.
Айтор, бир сөз менен айтканда А. Акибаев дээрлик төрт жылдан ашуун убакыт “Аврора” санаторийин каалагандай өз кызыкчылыгына пайдаланган. Ишенимдүү булактардан алынган маалыматка караганда ал ошол убакта КР президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп турган Сапар Исаковго таянып иш кылчу. Экөөнүн ортосунда достук мамиле болгон. Ошондон улам дагы “Авроранын” кызматкерлеринин директорунун үстүнөн жазган кайрылууларындагы фактылар көңүл сыртында калып келген.
Эми ал заман кетти. Акыйкаттыкты, адилеттүүлүктү орнотуу үчүн коррупцияга каршы күрөш күчөтүлүүдө. Андыктан, кеч болсо дагы А. Акибаев өзүнүн чалып кеткен “боткосу” үчүн мыйзам алдында жооп бериши керек. Балким, тиешелүү органдар мына ушул маселеге көңүл бураар деген ойдобуз.
Булак:NazaNews.kg