www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-премьер министр Сапар Исаков кечээ жакында эле “Атамбаев коррупция менен аёосуз күрөш жүргүзгөн, мамлекеттеги уурулардан тазалаган” деп мурдагы президент Атамбаевди актап да, мактап да ийди. Ал муну айтуу менен өзү дагы актангысы келди көрүнөт. Ошол эле убакта соңку күндөрү Атамбаевдин “ишенген” командасынын уурулук фактылары четинен ачыкка чыга баштады. Чындыгында, Атамбаевдин тушунда паракорчулуктун, жемкорлуктун көлөмү болуп көрбөгөңдөй өсүптүр. Атамбаевдин тегерегиндеги жан сакчылары менен шоопуру баш болуп, прокуратура, ички иштер, УКМК органдары, соттор төш болуп, жеңил жол менен акча табууну көздөп, мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүзүп келе жатышканы айкын болууда.
Мезгилдин баатыры болуп чыга келген, башкы прокуратуранын кызматкерлери Арпачиев менен Чалбаев талап кылган паранын өлчөмү коомчулуктун бүйрүн кызытып, көпчүлүктү иренжитти. Статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстан өнүгүүсү чабал өлкөлөрдүн катарына кирет, айрым жарандардын кирешеси күнүмдүк нандан ашпайт, ал эми арам акчага көнгөн бир ууч топ майга, сүткө көөлөнүп, элдин ырыскысына кол салып, мамлекеттин миллиондогон акчасын уурдап-жеп атат.
Эл убагында Атамбаевге ишенип, президенттикке шайлаган, бирок, “ишенген кожоң сууга акса...” демекчи, мурдагы президенттердей эле ал дагы кыргыз элинин багына эмес, шоруна жазылганы көрүнүп калды. Мыйзамдын алдында баары бирдей болуу керек. Бирок, жең ичинен былгытма иштерди кылышып, мамлекетти артка тартып, карапайым калктын убалына калып, өзгөчө уюшкандыкта топтошуп уурулукка барышканы КРнын мыйзамдык-укуктук актыларында белгиленгени менен ачыкка чыгып, жоопкерчиликке тартылбай көмүскөдө калып жатканы кимдин болбосун жанын кейитет. Айталы, ошол эле Шадиев өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп, каяктан мынчалык байлык, мүлк топтогону көпчүлүктүн тан калуусун жаратат.
А чындыгында, ошол эле мезгилде Шадиевге окшогон дагы жүздөгөн ууру чиновниктер мамлекеттик кызматтарды ээлеп, дагы деле кекиртектери тойбой, уурулук кылып келе жатышат. Анан алардын ооз учунан “мамлекетке инвестиция тартып, өнүктүрөбүз” дегенине күйбөгөн жерин күйөт. Ооба, инвестиция мамлекетке суу менен абадай керек, бирок, өлкөдө мыйзамдуулук жок болсо, келген инвесторлордон пара талап кылып, мыйзам чегинде эмес оюна келгендей ормон опуза менен саясат жургүзүп, ичтен иритип жатса, кайдагы инвестор келип, Кыргызстанды гүлдөтөт? Инвесторлорду пара берүүгө мажбур кылып, көндүргөн мурдагы президенттерден келе жаткан “салтка” айланган терс көрүнүш болуп калганын кантип жашырабыз? Өлкөбүздөгү мындай кырдаал жетидеги баладан жетимиштеги карыяга чейин эле белгилүү болуп калды.
Ошондуктан, бийлик элдин сыйына, урматына арзыбай калды. “Каякка барсаң, Мамайдын көрү” дегендей, бардык бийлик бутактарына паракорлор, уурулар кирип алган. Эми Сапар Исаковдун кечээги сөзүндө Атамбаевге чаң жугузбай, кристаллдай таза адам кылып көрсөткөнү кыжырды келтирбей койбойт. Сапар Исаковдун өзүнүн кылган иштери жөнүндө кеп кылсак. Баарына белгилүү, жаз алды менен эле Тогуз-Торо эли нааразычылык акциясына чыга баштап, өтө тездик менен радикалдашып, жаңы курулуп баштаган алтын ылгоочу комбинатка эки жолу кол салды. Жалпысынан нааразылынган тарап 7 жолу митингге чыгышты.
Биринчи жолу алтын ылгоочу комбинатка кол салуу болгондо Тогуз-Торонун күч органдары бир дагы жолу чара көрбөй, Тогуз-Торо админстрациясынын башчысы Т.Идирисов менен бирге нааразычылык тарапка колдоо көрсөтүп, провакациялык чакырыктарды айтып келди. Аким Т.Идирисов кытайлык инвестор менен 2018-жылдын 9-апрелинде Бишкектен жолукканда, “сен Тогуз-Торого барба, ал жакта эл көтөрүлүп, комбинатка кол салып, өрт коюшат” деп эскертүү берген.
Ошол күнү кечинде аким Т.Идирисов Бишкектен түнү менен Тогуз-Торого келип, эртеси паркка чогулган элге “курулуп жаткан комбинаттын жанына чогулгула” деп тапшырма берген. Эл комбинаттын жанына чогулуп, ошол эле убакта Бишкектен барган өкмөттүк комиссиянын бир дагы сөзүн укпай, алар тарапка таш ыргытып, коргогон милицияларды жарадар кылып, комбинаттын ичине кирип барып, от коюшкан. Алтын ылгоочу комбинаттын бир далай техникасы өрттөлүп, комбинаттын 70% обьектиси жараксыз абалга келген. Комбинат өрттөнүп жатканда аким Т.Идирисов «Кыргызалтын» ААКнын жетекчилери менен келген инвесторду 40 чакырым тоо жакка жер көргөнү ээрчитип кетип калган. Райондун ичинде кооптуу кырдаал пайда болуп, жаңжал болуп жатса, аким Т.Идирисовдун кайдыгер басып кеткени таң каларлык. Арийне, келген инвесторго жеке кызыкчылыгы бар болгон чыгаар деген күмөн суроо туулбай койбойт. Өкмөт ишеним көргөзүп берген кызматтан жеке мүдөөсүн жогору койгон акимдин колдогону Сапар Исаков болуп турган, алтын ылгоочу комбинатка дагы акимдин козутуусу менен өрт коюлган десек жаңылыштык эмес.
Чын-чынына келгенде элге эски “Макмал” комбинатынын тийгизип жаткан залалдары дагы кызык эмес болуп келген, ал эми бул ирет алар бир дагы өкмөттүн комиссиясынын сөзүн уккан жок жана комбинат тарабынан “тегерек столго” отуруп, ийри олтуруп, түз кеңешели деген сөзүн дагы кулак сыртынан кетиришти.
Эгерде ошол убакта Сапар Исаковдун кызыкчылыгы жок болсо, кылмыштын бетин ачууга аракет кылып. Тишелүү адамдардан жообун талап кылмак. Ооба, Сапар Исаков имитация кылып, иштеп аткан сыяктуу бир топ милиция кызматкерлерин Тогуз-Торого жиберди, бирок, барган милиция кызматкерлери жеринде жыйынтык чыгарган жок, кылмыштын бети ошол бойдон ачылбай калды. Болгону, тандалма тентек, билимсиз балдарды камакка алышты.
Тилекке каршы, азыркы убакытка чейин күч органдары чагымчылдыкты ким уюштурганын, ким жетектегенин ачыкка чыгарбай келишет. Камакта жаткан он эки жаш бала кызуу кандуулукка алдырып өрт койгондор. Булар мурун соттолбогон, азырынча такшалбаган кылмышкер тобу. Тергөө органы атайын кылмыштын бетин ачпай, создуктуруп, унуткарып туруп кылмышты жапканга аракет көрүдө. Ортодо олчойгон акча коюлган эмес деп эч ким кепилдик бере албайт, болбосо эбак эле уюштурган уюкту таап чыкмак. Анткени, уюштуручу Ак үйдөн башкарып отурган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков болуп жатпайбы.
Сапар Исаков «Кыргызалтын» ААКнын башысы А.Алимбековду аким Т.Идирисовдун колу менен жазалды. Аны Сапар Исаков кызматтан кетирсе дагы, таасир эткен адамдары дагы деле кызматта отурушат. Камалган балдардын ата-энелери “Джи эл Макмал девелопинг” компаниясынын жетекчилерине келип, “биздин балдар адашып, карөзгөй бирөөнүн тилине кирип, өрт коюптур, кечиргиле, ынтымакка келелик, чогуу иш алып баралык” деп кайрылуу беришти. Бирок, алардын дагы уюштуруучулардын атын жашырып жатканы өкүнүчтүү. Тергөө органы эмнеге ачыкка чыгарбайт, көрсө «уурусу күчтүү болсо, ээсин доого жыгат» деген ушу турбайбы деген ой кетет. Инвесторлор таза, мыйзамдуу иш жүргүзгөнү үчүн, аткаминерлердин ар биринин ичи-койнуна кирип, акча бербегендиги үчүн бийликтин куугунтугуна кабылып отурат. Тогуз-Тородо курулуп жаткан комбинатка карапайым элдин чабуул уюштуруп, өрт коюшун алдын алып, болор иш болгон соң, анын жыйынтыгын чыгарып, тергөө иштерин жүргүзбөгөңдүгү үчүн Тогуз Торо районунун милициясынын начальнигин Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы кызматтан алды. Ошентсе дагы, облустук жетекчилик үн катпайт. Эмдигиче Тогуз-Торонун акими дайындала элек. Ошондой эле, провакациянын чордонунда турган Тогуз-Торонун акиминин орун басары А. Кожошев дагы деле акимдин милдетин аткарууда. Райондун денгээлиндеги чиновниктер жоопко тартылбай жатат. Ал эми инвестор алигиче өкмөт башчысынын кабыл алуусун күтүп жатат.
Укук коргоочу Качкынбек Булатов
Булак: NazarNews.kg