www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
21-майда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын аймактарын өнүктүрүү жөнүндө маселе каралды. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында концепциялык иш-чаралар планы: региондордогу калктын жашоо деңгээлин көтөрүү, айыл жергесиндеги элдин социалдык маселелерин чечүү, жумушчу орундарын түзүү, коопсуздукту күчөтүү маселелери бекитилгендигин маалымдады.
Ал эми Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Айтмамат Назаров 10-январда чыккан КР Президентинин Жарлыгынын негизинде жумушчу топ түзүлгөндүгүн, ага Жогорку Кеңештин депутаттары дагы киргендигин маалымдап, ал жумушчу топ үч топко бөлүнүп иш алпарып жаткандыгына токтолду. 1- топ аймактарды өнүктүрүүнү шарттоочу мыйзам долбоорлорунун үстүндө иш алпарып жаткан болсо, экинчи топ аймактарды өнүктүрүүнүн алкагында аткарылчу иштерди каржылоо маселесин жөндөйт. Ал эми үчүнчү топ региондордогу жасалып жаткан иштерди координациялайт.
Жыйын жүрүшүндө депутат Асылбек Жээнбеков өлкө аймагы боюнча 1941 айыл болсо анын 70%ы эски генералдык план менен жашап жаткандыгын айтып, айылдардын жаңы генералдык планын түзүүгө каражат бөлүү зарылдыгын баса белгиледи. Ал эми депутат Абылкайыр Узакбаев болсо региондорду өнүктүрүү үчүн административдик-территориялык реформаны тезинен баштоо, ичүүсү суу менен камсыздоо боюнча муниципиалдык орган түзүү, жайыт комитети менен суу пайдалануучулар ассоциациясын айыл өкмөттүн башкаруусуна өткөрүү жана башка маселелер тууралуу өз ой-пикирин ортого салып, аткаруу бийлигинин көңүлүн бурду.
Жарлык чыккандан бери 5 айдын жүзү болгондугуна токтолгон депутат Кенжебек Бокоев региондорду өнүктүрүү үчүн жергиликтүү бюджеттин көлөмүн көбөйтүү боюнча сунуш-пикирлерин айтты. Анын айтымында, республикалык бюджеттин жок дегенде 20%ын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бөлбөсө айылдарды дотациядан чыгаруу кыйын. Мындан сырткары, К.Бокоев облустук статистика комитети, облустук прокуратура сыяктуу айрым мекемелердин бүгүнкү күндө зарылчылыгы жоктугун кошумчалады.
Жыйынтыгында тармактык комитет КР Өкмөтү, Улуттук банк жана башка бир катар мамлекеттик мекемелерге тапшырмаларды белгилөө менен аталган маселени алдыдагы бейшембиде “Өкмөттүк саатта” талкуулоого чыгаруу чечимин кабыл алышты.
Булак: NazarNews.kg